11-ноябрь: Биз Анын үйүбүз

Jakshy Kabar Media

11-ноябрь: Биз Анын үйүбүз

Жон Пайперден насаат сөз

«Үйдү курган адам үйгө караганда чоң урматка ээ болгондой эле, Мусага караганда Ыйса чоң урматка ээ. Ар бир үйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу – Кудай. Муса болсо жарыялашы керек болгон сөздөрдү жарыялаш үчүн, Кудай үйүндө кызматчы катары бардык жагынан ишенимдүү болгон. Ал эми Машаяк Анын үйүндө Уулу катары ишенимдүү. Анын үйү болсо бизбиз. Эгерде кайраттуулугубузду жана мактанган үмүтүбүздү аягына чейин бекем сактасак, Анын үйүбүз».

Эврейлер 3:3–6

Ыйса Машаякка үмүттөнгөндөр жана Аны менен мактангандар Кудайдын үйү болуп саналат. Демек, Ыйса мурунку Мусанын же Өзүнүн жерде өткөргөн күндөрүндө эмес, бүгүнкү күндө – биздин Жаратуучубуз, Кожоюнубуз, Башкаруучубуз жана Камсыздоочубуз.

Ыйса үйдүн «куруучусу» деп аталат. Муса куруучу эмес, ал үйдүн бир бөлүгү болгон. Ошондуктан: «Үйдү курган адам үйгө караганда чоң урматка ээ болгондой эле, Мусага караганда Ыйса чоң урматка ээ», – деп айтылат. Ошентип, Муса канчалык улуу үй башкаруучусу болбосун жана Кудайдын сөзүн элге канчалык жакшы жеткирбесин, ал жөн гана үйдүн бир бөлүгү болгон. Бирок үйдүн куруучусу – Ыйса. 

Ошентип, эгерде биз Ыйса менен мактанып, Ыйсадан үмүт кылсак, анда биз Анын үйүбүз, ал эми Ыйса – биздин Куруучубуз, Кожоюнубуз, Башкаруучубуз жана Камсыздоочубуз. Ал Өз үйүнүн бузулушуна же кыйрашына жол бербейт.

Андан соң, каттын автору үй куруучу жана үйдүн образын уулга жана кызматчыга алмаштырат. «Муса Кудай үйүндө кызматчы катары бардык жагынан ишенимдүү болгон. Ал эми Машаяк Анын үйүндө Уулу катары ишенимдүү». Демек, Ыйса Өзү курган үйдүн бир бөлүгү болуп калды. Бирок, ошого карабастан, Анын урматы Мусаныкына караганда алда канча чоң. Муса – кызматчы, ал эми Ыйса болсо – Уул жана Мурасчы.

Биз болсо ушул үйдүн бир бөлүгүбүз. Эврейлер 3:6-аятта «Анын үйү болсо бизбиз. Эгерде кайраттуулугубузду жана мактанган үмүтүбүздү аягына чейин бекем сактасак, Анын үйүбүз» экени айтылат. Кандай гана болбосун, Мусаны урматтап, ага керектүү сыйды көрсөтөлү. Бирок Эврейлерге жазылган каттын негизги ою төмөнкүдөй: Машаяк андан чоңураак, бардык жагынан улуураак. Ал – Кудай элинин үйүнүн куруучусу. Ошондой эле, Кудай элинин үйүндөгү Уул. Мусаны урматтайлы, бирок Ыйсаны өзүбүздүн Жаратуучубуз жана бир тууганыбыз катары даңктайлы.

«Мусага караганда Ыйса көбүрөөк даңкка татыктуу» аттуу насаат сөздөн үзүндү.