Жон Пайперден насаат сөз
«Мени коркунуч басканда, Сага таянам».
Забур 55:4
Биздин тынчсыздануубуздун себеби ишенбестик экенин билип калганыбызда, бизде мындай ой жаралышы мүмкүн: «Мен тынчсызданууга каршы дээрлик күн сайын күрөшөм. Демек, менин Кудайдын ырайымына болгон ишенимим такыр эле жок окшойт. Мындай кейпим менен куткарылганыма болгон бекем ишенимге эч качан ээ боло албайт окшоймун».
Тынчсызданууну жараткан бул ойго карата мен мындай жооп бермекмин: Унаа жарышына катышканыңызды элестетиңиз. Анан сизди жарыштын аягына жетпей калсын деп атаандашыңыз унааңыздын маңдай терезесине ылай чачыратып салды дейли. Ошондо жолду убактылуу көрө албай, унааңыз аяк-быяка чайпала баштайт, бирок сиз ошондо унааңызды токтотуп, жарыштын аягына чыкпай кала бербейсиз.
Мындай учурда сиз башка эле жолго түшүп алып баратасыз дегенге да такыр болбойт. Антпесе сиздин атаандашыңыз сизге тоскоолдук кылмак эмес. Бул сиз унааңыздын маңдай терезе тазалагычын иштетишиңиз керек дегенди билдирет.
Тынчсыздануу кол салып, Кудайдын даңкын жана Ал биз үчүн камдап койгон улуу келечекти көрө албай калсак эле, биз ишенимибизди жоготкон же асманга кире албай турган болуп калбайбыз. Кеп душманыбыздын ишенимибизге кол салгандыгында болуп жатат.
Душманыбыз биринчи соккусун урганда, Кудайдын убадаларына болгон ишенимибиз олку-солку боло түшүшү мүмкүн. Бирок ошол замат соккуга каршы турганга киришип, унаабыздын маңдай терезесинин тазалагычын иштетип, тынчсыздануудан жаралган ишенбестикке каршы күрөшө баштасак, жолдон чыгып кетпей, жарыштын аягына чыга алабыз.
Забур 55:4-аятта мындай дейт: «Мени коркунуч басканда, Сага таянам».
Забурчунун: «Мени эч качан коркунуч баспайт», – дебегенин байкаңыз. Коркунуч кол салганда, күрөш башталат. Демек, Ыйык Китеп нукура ишенүүчүлөр эч качан тынчсызданбайт дебейт. Тескерисинче, Ыйык Китеп тынчсызданууга алдырганда, ага каршы кантип күрөшүү керектигин, унаабыздын терезе тазалагычын кантип ишке салышыбыз керек экендигин үйрөтөт.
«Келечектеги Ырайым» китебинен үзүндү, 53-54-беттер.