9-ноябрь: Тарыхтын ажайыптуу аягы

Jakshy Kabar Media

9-ноябрь: Тарыхтын ажайыптуу аягы

Жон Пайперден насаат сөз

«[Кудай] кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт. Теңир Ыйса Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот. Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машаяктын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт. Алар Теңирден жана Анын кудуретинин даңкынан ажырап, түбөлүк өлүм жазасына тартылышат. Мунун бардыгы Теңирибиз Ыйса Машаяк Өзүнүн бардык ыйыктарынын арасында даңкталыш үчүн жана бардык ишенгендер аркылуу таң каларлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келген күнү болот».

2 Тесалоникалыктар 1:7-10

Ыйса, Өзү убадалагандай, бул дүйнөгө кайтып келгенде, Жакшы Кабарга ишенбегендер, Пабыл айткандай, «Теңирден жана Анын кудуретинин даңкынан ажырап, түбөлүк өлүм жазасына тартылышат». Бул чындыкты уккан бардык ишенбегендер өздөрүн ушундай өтө жаман тагдыр күтүп турганын билип, үрөйү учушу керек.

Ал эми ишенгендерди бул чындык сергектикке жана бул дүйнөдө эмне коркунуч астында экени жөнүндө олуттуу ой жүгүртүүгө чакырышы керек жана Жакшы Кабарга ишенбегендерге, атүгүл аны укпагандарга карата биздин жүрөгүбүздө боор оорууну козгошу керек.

Бирок биз бардык азап-кайгыларыбызда бекем болушубуз үчүн, Пабыл жогорудагы аяттарда дем жана үмүт берген эки укмуш сөз айтат. «[Кудай] кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт». Эгерде бул дүйнөнүн акыры келерине аз калганда, азап-кайгыларыбыз өтө катуу күчөгөнүнө күбө болсок, Кудайдын Сөзү бизге мындай дейт: Бекем болгула, жардам келе жатат. Силер азап-кайгыга малынган бойдон кала бербейсиңер. Теңирдин эли болгон силерге каршы чыккан жана өздөрүн күчтүү эсептеген душмандарыңар кылган иштерине өкүнөт.

Бирок андан соң Пабыл эң көп дем жана үмүт берген сөз айтат. Теңир кайтып келгенде, Өзү менен кошо куткарылуу гана алып келбестен, биз алгач кандай максат менен жаратылган болсок, ошол максатты да укмуштуу жол менен ишке ашырат: биз Анын даңкын көрөбүз жана Ал бүт дүйнө жүзүнүн көзүнчө биздин арабызда ажайыптуу жол менен даңкталганына күбө болобуз.

10-аят: «Мунун бардыгы Теңирибиз Ыйса Машаяк Өзүнүн бардык ыйыктарынын арасында даңкталыш үчүн жана бардык ишенгендер аркылуу таң каларлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келген күнү болот». Биз таң калуу үчүн жаралганбыз. Ал эми айкаш жыгачка керилген, кайра тирилген жана даңк менен кайтып келе турган Падыша Ыйса Машаяктан өткөн даңктуу эч нерсе жана эч ким жок. Ал Өзү ээ болушу керек болгон даңкка ээ болот, ал эми биз күнөөдөн арылып, эң таң калыштуу болгон Ага жеткилеңдүү түрдө жана түбөлүккө суктанып баштаганбызда, маңдайыбызга жазылган кубанычка бөлөнөбүз.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү, 321-бет.