8-ноябрь: Биз эмнеден ырахат алсак, ошону кадырлайбыз

Jakshy Kabar Media

8-ноябрь: Биз эмнеден ырахат алсак, ошону кадырлайбыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде сен ишемби үчүн, Менин ыйык күнүмдө өзүңдүн иштериңди аткаруудан бутуңду токтото турган болсоң, ишембини кубанычтуу күн деп, Теңирдин ыйык күнү деп атай турган болсоң, ыйык тута турган болсоң, күнүмдүк иштериңди кылбай, ал күндү урматтай турган болсоң, өз каалоолоруңду аткарбай турган болсоң, курулай сөздөрдү сүйлөбөй турган болсоң, анда сен Теңирден кубаныч аласың. Мен сени жердин бийик жерине чыгарам».

Ышайа 58:13-14

Биз Кудайды издесек да, Аны даңктабашыбыз мүмкүн. Эгерде Кудайды даңктагыбыз келсе, анда Аны менен болгон мамиледен кубаныч алганга умтулушубуз керек.

Муну түшүнүү үчүн, мисал катары ишемби күнүн алалы. «Менин ыйык күнүмдө өзүңдүн иштериңди аткаруудан бутуңду токтото турган болсоң» – деп, Теңир Өз элин ишемби күнү өзүнө жаккан иштерди жасагандыкта айыптап жатат. Муну кандай түшүнсөк болот? Теңир Өзүнүн ыйык күнүндө биз өзүбүзгө кубаныч тартуулаган нерсени издебешибиз керектигин айтып жатабы? Жок, себеби Ал андан ары сөзүн улап: «ишембини кубанычтуу күн деп [эсептей турган болсоң]», – дейт. Ал эми 14-аятта Ал: «Анда сен Теңирден кубаныч аласың», – дейт. Демек, Анын эли ишемби күнүндө өз Кудайынын сулуулугунан, эс алуудан жана ыйыктыктан кубаныч албай, өзү кылган иштерден кубаныч алганы үчүн, Теңир аны жемелеген. Ишемби күн ушундай максат менен берилген эмес беле.

Теңир элди ырахатты издегени үчүн жемелеп жаткан жок. Аз ырахат берген нерселерди кылганы үчүн жемелеп жатат. Клайв Стейплз Льюис айткандай, «биз аз нерсеге ыраазы болуп алабыз». Кудайдын эли бул дүйнөгө тиешелүү убактылуу нерселерге кызыккан жана ошолорду Кудайдан артык көргөн.

Ишемби күнүн «кубанычтуу күн» деп эсептөө жана ал ыйык күндү Теңирди «урматтай» турган күн деп эсептөө маанилүү бир нерсе экенин байкаңыз. «Ишембини кубанычтуу күн деп, Теңирдин ыйык күнү деп атай турган болсоң, ыйык тута турган болсоң… ал күндү урматтай турган болсоң» – деген эмнени билдирет? Жөнөкөй тил менен айтканда, бул биз эмнеден кубаныч алсак, ошону кадырлайбыз (урматтайбыз) дегенди билдирет. Башкача айтканда, биз эмнеден ырахат алсак, ошону мактайбыз. Кудайдан ырахат алуу жана Кудайды даңктоо – бир нерсе.

Кудайдын түбөлүктүү максатын ишке ашыра турган жана бизге түбөлүктүү ырахат бере турган нерсе – Ага табынуу тажрыйбасы. Теңирдин күнү ушул үчүн берилген. Деги эле жашоо ушул үчүн берилген.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (306-307-беттер).