7-ноябрь: Кудайдын сүйүүсү шарттуубу?

Jakshy Kabar Media

7-ноябрь: Кудайдын сүйүүсү шарттуубу?

Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок Ал көп ырайым кылат, Ыйык Жазууда: “Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат”, – деп айтылган. Ошондуктан Кудайга моюн сунгула. Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат. Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт».

Жакып 4:6-8

Жакып Кудайдын бизге «көп ырайым» кылганы жана бизге «жакындаганы» баалуу бир тажрыйба экенин айтат. Чындап эле, көбүрөөк ырайымга ээ болуп, Кудайга өзгөчө жакын болуу – укмуш тажрыйба. Бирок мен «Кудайдын ушундай сүйүүсүн тажрыйбалоонун кандайдыр бир шартты барбы?» деген суроо бергим келет. Жок, шарты жок. Бирок ал биздин моюн сунуп, Кудайга жакындашыбыздан көз каранды. Кудай «момундарга [көп] ырайым кылат… Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт».

Кудайдын сүйүүсүн өзгөчө деңгээлде тажрыйбалоо үчүн текебердиктен арылуу, момундукка умтулуу жана Кудайга жакындыкты самоо сыяктуу талаптарды аткарышыбыз керек. Ушуларды шарт десек болот. Албетте, мындай талаптарды да Кудай биздин ичибизде Өзү ишке ашырат. Бирок бул биз эч кандай талаптарды аткарбашыбыз керек дегенди билдирбейт.

Эгерде ушул чын болсо, анда бүгүнкү күндө Ыйык Китептин окутуусуна жеңил желпи мамиле кылган жана Кудайдын сүйүүсү толугу менен шартсыз экенин айтып, жалгандан ишендиргендер Кудайдын элин Ыйык Китеп талап кылган дал ушул шарттарды аткарып, ушунчалык эңсеген тынчтыкка ээ болгонго тоскоолдук кылып жаткан болушу мүмкүн деп корком. Кудайдын сүйүүсү «шартсыз» экенин айтып, адамдардын көңүлүн тынчтандырабыз деп аракет кылсак, тескерисинче аларды Ыйык Китеп сунуш кылган дарттын дабасынан куру кол калтырып жаткан болушубуз мүмкүн.

Албетте, бизди тандаган Кудайдын сүйүүсү, Машаяктын өлүмү аркылуу көрсөтүлгөн Кудайдын сүйүүсү жана бизди кайрадан төрөлтүп, жаңы өмүр берген Кудайдын сүйүүсү толугу менен шартсыз экенин ачык жана так жарыяласак болот.

Ошондой эле, биздин акталышыбызга биз өзүбүз төлөгөн баа эмес, Машаяк Өзүнүн тил алуусу жана курмандыгы аркылуу төлөгөн баа себеп болгонун жарыялагандан да эч качан тажабашыбыз керек: «Анткени бир адамдын тил албастыгынын айынан көп адамдар күнөөкөр болгондой эле, бир Адамдын тил алчаактыгы аркылуу көп адамдар адил болушат»(Римдиктер 5:19).

Бирок муну менен бирге Ыйык Китептеги төмөнкү чындыкты да жарыялаганды унутпашыбыз керек: Кудайдын ырайымынан жана Аны менен болгон жакындыктан эң толук жана эң таттуу деңгээлде даам татабыз десек, анда күн сайын моюн сунуп, Кудайга жакындашыбыз керек.

«Кудайдын сүйүүсү шартсыз дегендер элди Кудай сунуш кылган дарттын дабасынан куру кол калтырабы?» аттуу насааттан үзүндү.