6-ноябрь: Бири-бириңерди чын көңүлүңөр менен сүйгүлө!

Jakshy Kabar Media

6-ноябрь: Бири-бириңерди чын көңүлүңөр менен сүйгүлө!

Жон Пайперден насаат сөз

«О адам! Эмне жакшы экени, Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган: адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо».

Михей 6:8

Адам өзүнүн кубанычы – бул башка бирөөнү бактылуу кылганын билип калса, мындан анын өзүнүн Кудайдын сүйүүсүн сезүүсү азайып кетпейт. Мен бирөөгө кайрымдуулук кылганымдын себеби, өзүм андан кубаныч алганым экенин айтсам, мени эч ким өзүмчүлдүктө айыптабайт. Тескерисинче, сүйүүбүздү канчалык чын көңүлдөн көрсөтсөк (б.а. сүйүү көрсөткөнүбүздө өзүбүз канчалык кубансак), сүйүүбүз ошончолук деңгээлде нукура болот эмеспи.

Аргасыздан сүйүү көрсөтүүнүн тескериси өзүбүздү ойлобоо же милдет катары сүйүү көрсөтүү эмес, чын көңүлдөн (кубаныч менен) сүйүү көрсөтүү. Нукура сүйүү – бул кайрымдуулукту жөн эле милдет катары кылуу эмес, «кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү» (Михей 6:8). Машаякчылык ырахатты издөөдө ушул чындыкка көп көңүл бурулат.

«Эгерде Кудайды сүйүп, Анын осуяттарын аткарып жатсак, анда Кудайдын балдарын сүйүп жатканыбызды билебиз. Кудайды сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес. Анткени Кудайдан туулган адам дүйнөнү жеңет. Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз» (1 Жакан 5:2-4).

Жогорудагы аяттарды аягынан баштап окуп, андагы логиканы байкаңыз. Биринчиден, Кудайдан төрөлүү бул дүйнөнү жеңгенге күч берет. Автор ушул чындыкка таянып «Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес» экенин айтып жатат.

Демек, Кудайдан төрөлүү бизге Кудайдын эркин жактырбаган дүйнөлүк табиятыбызды жеңгенге күч берет. Эми Анын осуяттарын аткаруу «кыйын эмес», тескерисинче жүрөгүбүз ошол осуяттарды аткарууну каалайт жана алардан кубаныч алат. Кудайдын сүйүүсү бизден жөн эле Анын осуяттарын аткарышыбызды талап кылбастан, Анын осуяттары кыйын болбой (б.а. аргасыздан аткарбай) турган кылып койду.

Экинчиден, 2-аятта Кудайдын балдарын чындап сүйүп жатканыбыздын далили Кудайды сүйгөнүбүз экени айтылат. Демек, бул аяттан биздин Кудайдын балдарына болгон сүйүүбүз жөнүндө кандай чындыкты үйрөнсөк болот: Кудайды сүйүү Анын эркин аргасыздан эмес, чын көңүлдөн аткарууну билдирсе жана Кудайга болгон сүйүүбүз Кудайдын балдарына болгон сүйүүбүздүн нукуралыгын далилдеген нерсе болсо, анда биз Кудайдын балдарын да аргасыздан эмес, чын көңүлдөн сүйүшүбүз керек. Машаякчылык ырахатты издөө сүйүү менен кызмат кылууга шыктандырат, себеби сүйүү бизге Кудайдын тилин аргасыздан эмес, чын көңүлдөн алууга түрткү берет.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (304-305-беттер).