5-ноябрь: Куткарылууңузга кош көңүл мамиле кыласызбы?

Jakshy Kabar Media

5-ноябрь: Куткарылууңузга кош көңүл мамиле кыласызбы?

Жон Пайперден насаат сөз

«Ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз?».

Эврейлер 2:3

Оюңузда өз куткарылууңузду улуу нерсе деп эсептейсизби? Же аны барк албайсызбы?

Өзүңүздүн улуу куткарылууңузга тиешелүү түрдө мамиле кыласызбы? Же ага мурас кагазыңызга, унааңыздын документине же үйүңүздүн кызыл китебине мамиле кылгандай мамиле кыласызбы? Мындай документтерди жасаткандан кийин, бир тартмага салып коёсуз да, көп деле ойлобойсуз. Кээде эле эстеп коёсуз. Алар күнүмдүк турмушуңузга таасир бербейт. Кыскасы, алар менен ишиңиз жок.

Бирок улуу куткарылуубузду андай барк албай койсок, чындыгында эмнеге кош көңүл мамиле кылган болобуз? Автор «улуу куткарылууну барк албай коюу» тууралуу айтканда, кеп эмнеде болуп жатканын карап көрөлү:

  • Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн барк албай койбошубуз керек.
  • Кудуреттүү Кудай бизди кечиргенин, кабыл алганын, коргогонун жана күч-кубат берип турганын барк албай койсок болбойт.
  • Машаяк айкаш жыгачта өз өмүрүн бергенин барк албай койсок болбойт.
  • Ишеним аркылуу адилдикти белек катары алганыбызды барк албай койсок болбойт.
  • Кудай бизге каарданбай, тескерисинче биз менен элдешкенин барк албай койсок болбойт.
  • Ичибизде жашаган Ыйык Рухту жана Машаякта ээ болгон жашообуздагы бир туугандык мамиле жана достукту барк албай койсок болбойт.
  • Ыйсанын жүзүнөн чачыраган Кудайдын даңкынын шооласын барк албай койсок болбойт.
  • Ырайым тагына кенен ачылган жолду барк албай койсок болбойт.
  • Кудайдын чексиз баалуу убадаларын барк албай койсок болбойт.
  • Биздин куткарылуубуз чындап эле улуу. Аны барк албай коюу – өтө жаман иш. Мынчалык улуу куткарылууңузга көңүл бурбай койбоңуз. Себеби мындай кылсаңыз, жазадан кантип качып кутуласыз? Автор ушундай суроо узатат: «Ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз?»

Демек, машаякчы болуу – таштап коё турган иш эмес, олуттуу иш. Улуу куткарылуубуздан кубаныч алуу үчүн жаныбызды берерчелик деңгээлде аракет кылышыбыз керек.

Бул дүйнөнүн убактылуу жана өлүмгө дуушар кылган күнөөлүү жыргалчылыктарына азгырылбайбыз. Кудайдагы түбөлүктүү кубанычыбызга көңүл бурбай койбойбуз. Куткарылуубуздун максаты ошол кубаныч эмеспи. Күнөөгө азгырылып, мындай улуу куткарылуудан алаксып кеткенден көрө, көзүбүздү оюп салганды артык көрөбүз.

«Сөз кылынган, тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн улуу куткарылуу» аттуу насааттан үзүндү.