4-ноябрь: Түйшүк тартуунун чыныгы себеби

Jakshy Kabar Media

4-ноябрь: Түйшүк тартуунун чыныгы себеби

Жон Пайперден насаат сөз

«Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!».

Матай 6:30

Ыйса түйшүк тартуунун тамыры Атабыздын келечектеги ырайымына болгон ишенимдин жетишсиздиги экенин айтат: «ишеними аздар!»

Буга бирөө мындай деп жооп бериши мүмкүн: «Бул чындык – кубанта турган чындык эмес! Тескерисинче, көңүлүмдү катуу чөгөрөт, себеби мен жөн эле тынчсызданмай, түйшүк тартмай адатым бар деп жүрсөм, кеп жүрөгүмдүн түпкүрүндө Кудайга ишене албастыгымда болуп жатпайбы!»

Мен бул чындык бир жагынан көңүл чөктүрсө, бир жагынан тескери натыйжа берет деп айтмакчымын.

Элестетиңиз: сиздин ичиңиз ооруп, түркүн түрдүү дарыларды ичип, диета кармап кыйналып жүрөсүз, бирок алар жардам берген жок. Анан эле адатыңызча дарыгериңизге көрүнгөнү барсаңыз, ал ичке ичегиңизде рак пайда болгонун айтат. Муну укканда сиз сүйүнөсүзбү? Кантип эле сүйүнмөк элем дейсиз! Мен да ошентип ойлойм.

Бирок суроону башкача кылып берип көрөйүн: Дарыгериңиз рак ооруңузду кеч болуп кала электе тапканын түшүнсөңүз жана аны ийгиликтүү түрдө айыктырса болорун билсеңиз, сүйүнөсүзбү? Сиз албетте, дарыгерим оорунун чыныгы себебин таап чыкканы абдан жакшы дейсиз. Мен да ошентип ойлойм.

Демек, рак оорусуна чалдыкканыңыз жакшы кабар эмес. Бирок башка жагынан караганда, ал – жакшы кабар, себеби маселенин тамырын тапканыңыз, өзгөчө ал маселени ийгиликтүү түрдө чечсе болорун билгениңиз жакшы.

Түйшүк тартуунун чыныгы себеби (Ыйса айткандай) Кудайдын келечектеги ырайымы жөнүндөгү убадаларга болгон «ишенимдин аздыгы» экенин билүү да дал ушундай. Анын үстүнө, Ыйса кереметтүү жол менен бул көйгөйдү чече алат. Ал үчүн биз: «Ишенем, Теңир! Менин ишенимимди арттыра көр», – деп, Ага кайрылсак болот.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү (53-бет).