3-ноябрь: Азап чегүүнүн маңызы

Jakshy Kabar Media

3-ноябрь: Азап чегүүнүн маңызы

Жон Пайперден насаат сөз

«Машаяк үчүн кордук көрүүнү ал Мисирдин байлыгынан артык байлык эсептеген, себеби келечектеги сыйлыкты караган».

Эврейлер 11:26

Азап чегишибиз керектиги айтылганы үчүн эле биз азап чегүүгө даяр болбойбуз, ошондой осуят берген Теңир азап чегүүнүн аягында түбөлүк кубаныч бар экенин айтканы үчүн азап чегүүгө даяр болобуз.

Ал бизди өз милдеттерибизди аткарганга канчалык берилгенибизди көрсөтсүн деп эмес, же өзүбүз туура деп эсептеген нерселерди сактаганга канчалык аракет кылганыбызды көрсөтсүн деп эмес, же азаптарга канчалык чыдай аларыбызды көрсөтсүн деп эмес, жаш баланыкындай болгон ишенимибиз менен Анын бүт муктаждыктарыбызды канааттандырган баа жеткис убадаларына таянганыбызды жана ошол убадалардын баарын ишке ашырган, толук канааттануу берерчелик деңгээлде улуу жана ажайып болгон Анын даңкына үмүттөнөрүбүздү көрсөтсүн деп, азап чеккенде тил алчаак болууга чакырат.

Муса «күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгынан Кудайдын эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн… себеби келечектеги сыйлыкты караган» (Эврейлер 11:25-26). Ошондуктан анын азап чегүүгө даярдыгы эмес, тил алчаактыгы аркылуу анын ала турган сыйлыгы даңазаланган. Ал сыйлык – Машаякта Өзүн ачып берген жана анын бүт муктаждыгын толтурган Кудай болгон.

Машаякчылык кубаныч жөнүндөгү түшүнүктүн маңызы мына ушунда. Азап чегүү аркылуу кубанычты издегенибизде, биздин кубанычыбыздын булагы болгон Кудай канчалык баалуу экенин жана Ал бардык муктаждыктарыбызды толтурарын даңазалайбыз. Биздин азаптарыбыз караңгы тунель сыяктуу болсо, анын аркы башындагы жарык – Кудай Өзү.

Эгерде азап чеккенибизде, биз жеткибиз келген нерсе жана кубанычыбыздын негизи Ал Өзү экенин көрсөтпөсөк, анда чеккен азаптарыбыз өз маңызын жоготкон болот.

Азаптарыбыздын маңызы мындай: биздин сыйлыгыбыз – Кудай. Кудай Өзү. Ошого жетүү үчүн азап чеккенге даярбыз.

Адамдын эң башкы максаты – Кудайды даңктоо. Ал эми биз Кудайдан эң көп канааттануу алганыбызда Аны эң көп даңктай алабыз. Бул нерсе азап чеккенибизде эң жакшы билинет.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (287-288-беттер).