2-ноябрь: Азап чеккенде кубануу

Jakshy Kabar Media

2-ноябрь: Азап чеккенде кубануу

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!»

Матай 5:11-12

Кубаныч издеген машаякчы азап чегип жатканда кубанычка ээ болуунун ар түрдүү жолдору бар экенине ишенет. Муктаждыктарыбызды толугу менен толтурган жана толук канааттануу берген Кудайдын ырайымын тажрыйбалоо үчүн, ушундай жолдордун баарын колдонушубуз керек.

Азап чеккенде кубанычка ээ болуунун бир жолу – бул кайра тирилгенибизде улуу сыйлыкка ээ болорубузду акылыбызга бекем түйүп алуу. Канчалык чоң сыйлыкка ээ болорубузду дайыма ойлосок, ага салыштырмалуу азыркы тарткан азаптарыбыз арзыбагандай көрүнүп калат: «Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес деп ойлойм» (Римдиктер 8:18; 2 Корунттуктар 4:16-18). Ушинтип, ала турган сыйлыгыбызга кубанганыбызда, чеккен азаптарыбыз гана жеңилдебестен, башкаларды сүйгөнгө да жөндөмдүү болобуз.

«Ал эми силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, эч нерсе күтпөстөн, карызга бергиле, ошондо чоң сыйлык аласыңар…» (Лука 6:35). Жакырларга берешендик менен жардам бер, ошондо «алар сага кайтарып бере алышпагандыгы үчүн бактылуу болосуң. Анткени сенин тиешең адил адамдар тирилгенде берилет» (Лука 14:14). Кудай убада кылган мындай сыйлыкка бекем ишенгенибизде, дүйнөлүк адамдардай болбой, сүйүү менен көп курмандык кылганга жөндөмдүү болобуз.

Азап чеккенде кубанычка ээ болуунун дагы бир жолу – бул чеккен азаптарыбыз үмүтүбүздү ого бетер бекемдерин эсибизден чыгарбоо. Азап чеккенде ээ болгон кубанычыбыз кайра тирилүүгө жана ошондо ала турган сыйлыгыбызга болгон үмүтүбүздөн гана келип чыкпайт; чеккен азаптарыбыз үмүтүбүздү бекемдерин билгенибиз да бизге кубаныч берет.

Мисалы, Пабыл: «Кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык, чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз», – дейт (Римдиктер 5:3-4).
Мындайча айтканда, Пабыл бир жагынан чоң сыйлык аларына үмүттөнгөнү үчүн кубанычка ээ болсо, бир жагынан чеккен азаптары сыйлыкка болгон ошол үмүтүн бекемдегенин билгени үчүн да кубанган. Кайгылар чыдамкайлык жаратат, чыдамкайлык болсо биздин ишенимибиз чыныгы жана нукура ишеним экенин сезгенге жана биздин (кайра тирилгенде) Машаякка ээ болорубуз анык экенине ого бетер ишенгенге жардам берет.
Ошентип, чоң сыйлык аларыбыз жөнүндө ойлонобузбу же азап чегүүнүн үмүтүбүздү бекемдеген таасири жөнүндө ойлонобузбу, кандай кылсак да, Кудай азап чеккенибизде кубанычыбызды жоготпошубузду каалайт.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (283-284-беттер).