1-ноябрь: Биз чеккен Машаяктын азаптары

Jakshy Kabar Media

1-ноябрь: Биз чеккен Машаяктын азаптары

Жон Пайперден насаат сөз

«Анын Денеси болгон Жыйын үчүн Машаяктын жетишпеген азап тартуусун өзүмдүн денемде силер үчүн азап чегүү менен толуктап жатканыма кубанам».

Колостуктар 1:24

Машаяк күнөөкөрлөр үчүн азап чегүү жана өлүү аркылуу, дүйнө үчүн Өзүн курман кылып, Өзүнүн сүйүүсүн тартуулады. Бул жеткилең курмандык Анын элинин күнөөлөрүнүн кунун толугу менен төлөйт. Мындай белекке бир нерсе кошуу мүмкүн эмес. Ага бир гана нерсе жетишпейт: бул белекти Машаяк Өзү жекече элдерге сунуш кылышы керек.

Кудай бул жетишпеген нерсени толуктоо үчүн, Машаяктын элин (Пабыл сыяктуу адамдарды) Машаяк чеккен азаптарды дүйнөгө жекече сунуш кылганга чакырат. Биз ушундай кылуу аркылуу «Машаяктын жетишпеген азап тартуусун» толуктайбыз. Ал кандай максат менен азап чеккен болсо, ошол максатты аягына чыгарабыз: Анын азаптарынын чексиз баркын билбеген адамдарга биз аларды жекече көрсөтүп беребиз.

Бирок Колостуктар 1:24-аяттагы эң укмуштуу нерсе – бул Машаяктын жетишпеген азаптарын Пабылдын толуктаганы.

Пабылдын айтышы боюнча, ал өзүнүн денеси менен азап чегүү аркылуу Машаяктын азаптарын толуктаган. Демек, ал кимдерди Машаякка алып келгиси келсе, ошолор үчүн азап чегүү аркылуу Машаяктын азаптарын көрсөткөн. Ал чеккен азаптардан адамдар Машаяктын азаптарын көрө алышы үчүн, ал ушундай кылган.  

Мындан төмөнкүдөй укмуштуу бир тыянак чыгарсак болот: Кудай Машаяктын азаптары бул дүйнөгө Анын эли чеккен азаптар аркылуу көрсөтүлүшүн каалайт. Кудай чындап эле Машаяк чеккен азаптардын кээ бирин Анын Денеси болгон Жыйын да чегишин каалайт, себеби биз машаякчылык жашоо айкаш жыгачты көтөрүп жүргөн жашоо экенин жар салганыбызда, адамдар айкаш жыгачтын издерин бизден көрүп, биз аркылуу айкаш жыгачтагы сүйүүнү сезе алышат.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (269-270-беттер).