31-октябрь: Азаптардын пайдасы

Jakshy Kabar Media

31-октябрь: Азаптардын пайдасы

Жон Пайперден насаат сөз

«Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот».

2 Корунттуктар 12:9

Машаякчылар кандай гана азаптарды тартпасын, аларга Кудай бир негизги максат менен жол берет: алар өздөрүнө жана дүйнөгө азыраак таянып, Андан көбүрөөк канааттануу алсын дейт. Мен бир да адамдын: «Өмүрүмдөгү эң маанилүү сабактарды жашоо тынч жана жыргал болгон маалдарда үйрөнгөм», – деп айтканын уга элекмин.

Бирок ишеними күчтүү улуу адамдардын: «Кудай менен болгон мамиленин жана Анын сүйүүсүнүн тереңдигин эң көп таанып билген ар бир учур азап чеккен убакта болгон», – дегенин уккам.

Эң баалуу асыл бермет – Машаяктын даңкы.

Ошондуктан биздин чеккен азаптарыбыз аркылуу Машаяктын ырайымынын даңкы чыгарын Пабыл баса белгилейт. Башыбызга мүшкүл түшкөндө Ага таянсак жана Анын даңкына үмүттөнүүдөн келген кубанычыбыз туруктуу болсо, анда Анын Өз ырайымы жана күчү менен бизге толук канааттануу берген Кудай экени белгилүү болот.

Жаныбыз жөлөнөр-таянар нерселеринин баарын жоготсо да, Ага бекем таянгандан жазбасак, анда Ал биз жоготкон бардык нерселерден артык экенин көрсөткөн болобуз.

Машаяк азап чегип жаткан элчи Пабылга: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот», – деген. Пабыл буга: «Ошондуктан Машаяктын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам. Ошондуктан Машаяк үчүн алсыз болгонума, кордук көргөнүмө, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан өткөргөнүмө ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо күчтүүмүн», – деп жооп берген (2 Корунттуктар 12:9-10).

Демек, Кудай бизди өзүбүзгө эмес, ырайымга таянганга үйрөтүү үчүн жана биздин көңүлүбүздү ошол ырайымга буруп, ошол ырайымды даңазалоо үчүн, азаптарды колдонгону анык. Ишеним дал ушундай иш кылат: Машаяктын келечектеги ырайымын даңазалайт. Кудайдагы өмүрдүн терең маанисин жана баркын азап чеккан маалдарда гана түшүнүп жете алабыз.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (265-267-беттер).