30-октябрь: Кудайдан четтөөнүн коркунучу

Jakshy Kabar Media

30-октябрь: Кудайдан четтөөнүн коркунучу

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек».

Эврейлер 2:1

Ишенимден четтеп кеткен адамдарды баарыбыз эле билебиз. Мындай адамдарда бекемдик, сергектик, Кудайдын сөзүн кунт коюп угуу, Ыйсадан көздү албоо деген нерселер жок. Мунун натыйжасында алар бекем турбастан, ишенимден тайышат.

Жогорудагы аятта кеп ушул жөнүндө болуп жатат: бекем туруу деген нерсе жок. Бул дүйнөдөгү жашоо көл эмес, дарыя сыяктуу. Ал төмөндөгү кыйроону көздөй агып бара жатат. Эгерде биз Ыйсанын сөзүн кунт коюп укпасак, Ал жөнүндө күн сайын ой жүгүртпөсөк, саат сайын көзүбүздү Андан албай турбасак, анда ордубузда жөн эле тура бербейбиз, артты көздөй кетебиз. Суунун агымы бизди Машаяктан алыс агызып кетет.

Машаякчылык жашоодо Кудайдан алыстоонун аягы өлүм менен бүтөт. Ал эми анын дабасы эмне экени Эврейлер 2-бөлүм 1-аятта айтылат: уккан сөзгө өзгөчө маани берүү, башкача айтканда, Кудайдын Өзүнүн Уулу Ыйсада айткан сөзүнө көңүл буруу. Кудайдан көзүбүздү албай, Анын өз Уулу Ыйса Машаяк аркылуу айткан сөзүнө жана кылган ишине көңүл буруу.

Агымга каршы сүзүүнүн бул жолу татаал эмес. Биздин күнөөгө толгон чөйрөгө каршы сүзүшүбүзгө тоскоолдук кылган нерсе – сүзүүнүн татаалдыгы эмес, бизге агым менен кошо кетип калуу каалоосун берген күнөөкөр табиятыбыз.

Кудай бизден оор нерсени талап кылып жатат деп наалыбайлы. Угуу, ойлонуу, Ыйсадан көздү албоо – бул нерселер оор иш эмес. Алтургай, буларды иш дегенге да болбойт. Кудай болгону азгырыкка толгон каалоолорубузга алдырып, төмөн көздөй агып кетип калбашыбыз үчүн, Ыйсадан толук канааттануу издөөгө салтанаттуу түрдө чакырып жатат.

Эгерде сиз бүгүн Кудайдан четтеп баратсаңыз, өзүңүздүн жогорудан чындап төрөлгөнүңүздү төмөнкү белгилер аркылуу текшерип, үмүткө ээ болсоңуз болот: абийириңиз мындай абалыңыз үчүн сизди соттогонун сезесиз жана келе жаткан күндөрдө, айларда жана жылдарда көздөрүңүздү Ыйсага буруп, Ал жөнүндө ойлонуп, Анын сөзүн угайын деген каалооңуздун күчөгөнүн байкайсыз.

«Сөздөн четтеп кетүүнүн коркунучу» аттуу насааттан үзүндү.