29-октябрь: Күнөө, шайтан, ооруу жана адамдардын каршылыгы

Jakshy Kabar Media

29-октябрь: Күнөө, шайтан, ооруу жана адамдардын каршылыгы

Жон Пайперден насаат сөз

«Менден аны четтетүүсүн өтүнүп, Теңирге үч ирет сыйындым. Бирок Ал мага мындай деди: “Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот”. Ошондуктан Машаяктын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам».

2 Корунттуктар 12:8-9

Машаякчынын куугунтуктун айынан чеккен азабы жана рак ооруусунан чеккен азабы бир эле азапбы? Булардын бирөөсүнө карата берилген убадалар экинчисине да тиешелүүбү? Мен «ооба» деп жооп бермекмин. Эгерде биз ишеним менен жашоого умтулуп, Кудайдын даңкын жана башка адамдардын куткарылуусун издесек, анда жашообуздун кайсыл гана чөйрөсүндө болбосун, кандайдыр бир тоскоолдуктар жана азаптар сөзсүз болот. Тил алчаак машаякчы дуушар болгон азап – бул кайсыл жерде гана болбосун Кудайдын чакырыгына моюн сунуп жашоонун натыйжасында жаралган кыйынчылыктардын бир түрү.

Машаяк бизди кандай гана жол менен жетелебесин, Анын артынаан ээрчүүнү тандаганыбызда, ошол жолдо Анын эң жогорку бийлигинин жана жеткилең акылмандыгынын уруксаты менен болгон башка бардык нерселерди да кабыл алган болобуз. Ошентип, үйдө рак оорусуна чалдыгуу болобу же башка жакта куугунтукка дуушар болуу болобу, айтор тил алчаактыктын жолунда биздин башыбызга кандай гана азаптар түшпөсүн, алардын баары Машаяк менен чогуу жана Машаяк үчүн тарткан азаптар болуп калат.

Биз ушундай жолду өзүбүз тандайбыз, б.а. азап-кайгы болбой койбой турган жолду тил алчаактык менен басып өтүүнү өз ыктыярыбыз менен чечебиз, андыктан Кудайга наалыбайбыз. Албетте, Пабылга окшоп, биз да Кудайдан тарткан азабыбыздан куткаруусун сурап сыйынсак болот (2 Корунттуктар 12:8), бирок эгерде азап чегүүбүзгө Кудайдын эрки болсо, анда аны асман падышачылыгына карай кеткен жолдо тил алчаак шакирт болуу үчүн төлөнө турган бир баа катары кабыл алабыз.

Машаякчылык тил алчаактыктын жолунда биздин башыбызга түшкөн (куугунтук болобу, оору-сыркоо болобу, кырсык болобу) бардык азап-кайгыларыбыздын бир окшош жери бар: алардын баары биздин Кудайдын боорукердигине болгон ишенимибизге коркунуч туудурат жана бизди тил алчаактыктын жолун таштаганга азгырат.

Андыктан оору-сыркоо болобу, шайтан болобу, күнөө болобу же адамдардын тоскоолдук кылуусу болобу, эмнеге гана каршы күрөшпөйлү, ишеним менен жеткен ар бир жеңишибиз жана тил алчаактыкта чыдамкай болуу үчүн кылган ар бир аракетибиз Кудайдын боорукердигин жана Машаяктын баалулугун көрсөткөн күбөлөндүрүүбүз болуп калат. Ошондуктан машаякчылык жашообузда башыбызга түшкөн бардык азаптар жана кыйынчылыктар «Машаяк менен чогуу» жана «Машаяк үчүн» тарткан азаптар болуп саналат.

Машаяк менен чогуу таркан азап дегенимдин себеби мындай: Аны менен чогуу баскан ишеним жолунда азап чеккен болобуз жана, ошондой эле, Анын башкы ыйык кызмат кылуучу катары биздин азаптарыбызды түшүнүп, бизге берген күчүнүн жардамы менен азап чеккен болобуз (Эврейлер 4:15).

Ал эми Машаяк үчүн чеккен азап дегенимдин себеби мындай: кыйынчылык жана азаптар биздин Ага болгон ишенимдүүлүгүбүз жана Анын боорукердиги менен кудуретине болгон ишенимибизди сынайт жана тастыктайт; ошондой эле, Ал ушунчалык баалуу болгондуктан биздин азаптарыбызга толук татыктуу экенин жана ошого арзырлык сыйлык экенин көрсөтөт.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (256-257-беттер).