28-октябрь: Биз сыйлыгыбызды толук алабыз

Jakshy Kabar Media

28-октябрь: Биз сыйлыгыбызды толук алабыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Силерге чындыкты айтып коеюн, Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт».

Марк 10:29-30

Ыйса бул аяттарда биздин ар бир курмандыгыбыз үчүн сыйлык бере турганын айткысы келет.

Эгерде сиз Машаякка кызмат кылам деп, энеңиздин сүйүүсүнөн жана камкордугунан ажырасаңыз, анда Машаяктан жүз эсе көп сүйүү жана камкордук аласыз.

Эгерде сиз Машаякка кызмат кылам деп, бир тууганыңыздын жылуу жолдоштук мамилесинен ажырасаңыз, анда Машаяктан жүз эсе күчтүү жылуу мамиле жана жолдоштук таба аласыз.

Эгерде сиз Машаякка кызмат кылам деп, өзүңүзгө ыңгайлуулук жана жайлуулук берген үйүңүздөн баш тартсаңыз, анда Теңириңиз сизге ар бир үйгө ээ экендигин көрсөтүп, сизге жүз эсе сооронуч берет.

Болочок Жакшы Кабар таратуучуларга Ыйса мындай дейт: «Силер тигил же бул нерсемден куру калдым дебешиңер үчүн, Мен силер үчүн иштөөгө жана силерге колдо көрсөтүүгө убада берем».

Петирдин «өзүнөн баш тартуу» курмандыгына Ыйса кандай караган? Петир: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз», – деген (Марк 10:28). Ыйса Петирдин мындай курмандыгын мактаганбы? Жок, тескерисинче ашкерелеген.

Ошондо Ыйса Петирге (өз сөзүбүз менен айтканда) мындай деген: «Бул дүйнөдө жана келечектеги түбөлүк өмүрдө эч ким эч качан Мен жүз эсе кылып кайтарып бере албагандай курмандык кылбайт».

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү, 240–241-беттер.