27-октябрь: Кудай менен баары мүмкүн

Jakshy Kabar Media

27-октябрь: Кудай менен баары мүмкүн

Жон Пайперден насаат сөз

«Менин бул короодогу койлордон башка да койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот».

Жакан 10:16

Дүйнɵдɵгү ар бир улутта Кудайдын эли бар. Кудай аларды Ɵзүнүн Жаратуучулук күчү менен Жакшы Кабар аркылуу Ɵзүнө чакырат. Анан элдер Ага ишенип калышат! Кудайдын Сɵзү жете элек жерлерде кызмат кылганда көңүл чөгүүнү жеңүүдө жогорудагы сөздөр кандай гана күч берет!

Питер Кэмерон Скоттун окуясы буга жакшы мисал боло алат. Скотт 1867-жылы Глазго шаарында туулган. Ал Африкадагы ички миссиянын негиздөөчүсү болуп калган. Бирок анын Африкадагы алгачкы кызматы ийгиликтүү болгон эмес.

Африкага жасаган алгачкы сапарында, ал малярия оорусу менен катуу ооруп калгандыктан, кайра үйүнө жиберилген. Оорудан айыгып кеткенден кийин, ал Африкага кайтып барууну чечкен. Экинчи жолу кайтып барганда, ал өзгөчө сүйүнгөн, анткени бул жолу агасы Жакан да аны менен чогуу барган. Бирок көп өтпөй, агасы Жакан ысытмадан жабыркап, каза болуп калат.

Ошентип, өзү жалгыз калган Петир агасы Жаканды Африкада жерге кɵмгөн жана кайгыга малынганына карабай, Африкада Жакшы Кабар таратууга өзүн кайра арнаган. Бирок күндɵрдүн биринде ал кайрадан ооруп калган. Ошол себептен Англияга кайтып барганга аргасыз болгон.

Ошол күндөрдө башына түшкөн кайгыны жана көңүл чөгүүнү кантип жеңе алмак? Ага чейин ал өзүн Кудайга арнаган эле. Бирок ал Африкага кайтып барууга күчтү кайдан тапмак? Адам үчүн бул мүмкүн эмес болчу!

Ал күчтү Вестминстер Жыйынынын имаратынан тапкан. Ал жерден Дэвид Ливингстондун мүрзөсүн таап, акырын анын алдына барып, сыйынуу үчүн тизе бүгүп отурган. Мүрзөнүн ташында мындай деп жазылып турган эле:

«Менин бул короодогу койлордон башка да койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек».

Жазууну окугандан кийин, жаңы үмүт менен өйдө турган. Анан ал Африкага кайра кайтып барган. Жүз жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, бүгүнкү күндө ал негиздеген миссия барган сайын күчкө толуп Жакшы Кабарды таратып жатканын көрүүгө болот.

Эгерде сизге эң чоң кубаныч берген нерсе Кудайдын сизди өз ырайымына толтуруусун жана сиз аркылуу аны башкаларга төгүп, аларга бата берүүсүн тажрыйбалоо болсо, анда сиз үчүн дүйнө жүзүндөгү эң сонун кабар – Кудай али куткарыла элек башка элдерди куткаруу үчүн сиз аркылуу мүмкүн болбогон нерселерди кылат деген кабар.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү , 238–239-беттер.