25-октябрь: Жакшы Кабар таратуучуларга чоң үмүт берген чындык

Jakshy Kabar Media

25-октябрь: Жакшы Кабар таратуучуларга чоң үмүт берген чындык

Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машаяк менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар)».

Эфестиктер 2:5

Жакшы Кабар таратуучуларга төмөнкү чындык чоң үмүт берет: Жакшы Кабар Ыйык Рухтун күчү менен таратылганда, адамдын колунан келбеген нерсени Кудай жасайт: Ал адамдын жан-дүйнөсүндө куткаруучу ишенимди жаратат. Адамдын чакырыгы кыла албаган нерсени Кудайдын чакырыгы кылат. Ал өлүк адамды тирилтет. Рухий өмүр жаратат. Муну Ыйсанын: «Лазар чык!» – деп, Лазарды мүрзөдөн сыртка чакырганына окшоштурсак болот. Ошондо өлүк адам Ага баш ийип, мүрзөдөн чыгып келген. Ыйсанын чакырыгы өлүк адамга жан киргизип, аны Өзүнүн үнүнө баш ийдирген (Жакан 11:43). Ар бир адам ушундай жол менен куткарылат.

Биз уктап жаткан бирөөнү атынан чакырып ойгото алабыз, ал эми Кудайдын чакырыгы жок нерсени бар кылат (Римдиктер 4:17). Кудайдын чакырыгына эч бир нерсе каршы тура албай, багынат. Кудайдын чакырыгы ушунчалык таасирдүү иштеп, Анын максатын толугу менен ишке ашырат, ошондуктан биз ишеним аркылуу гана акталсак да, Пабыл: «Кудай… чакыргандарын актады», – дейт (Римдиктер 8:30).

Башкача айтканда, Кудайдын чакырыгы ушунчалык таасирдүү иштегендиктен, адамдын жан-дүйнөсүндө ишеним жаратып, аны акталууга жеткирет. Римдиктер 8-бөлүм 30-аятта айтылгандай, чакырылгандардын баары акталат. Бирок ишеним жок болсо, эч ким акталбайт (Римдиктер 5:1). Демек, Кудай эмнени ниет кылса, ошону Анын чакырыгы сөзсүз ишке ашырат. Анын чакырыгы эч бир каршылыкка карабай, адамга акталуу берген ишенимди жаратат.

Бул нерсе адамдын колунан келбейт. Бул мүмкүн эмес. Кудай гана таш жүрөктү алып сала алат (Жезекиел 36:26). Кудай гана адамдарды Уулга жетелей алат (Жакан 6:44, 65). Кудай гана рухий жактан өлүк болгон жүрөккө жакшы кабарды угуу жөндөмүн бере алат (Элчилердин иштери 16:14). Жакшы Койчу гана Өзүнүн койлорун тааныйт жана аларды Өзүнүн кудуреттүү үнү менен атынан чакыра алат. Ошондо алар Аны ээрчийт жана алар эч качан өлүмгө жем болбойт (Жакан 10:3-4, 14).

Адамдын колунан келбеген нерсени Ыйса Машаяктын жакшы кабары аркылуу ишке ашырган Кудайдын кудуреттүү ырайымы Жакшы Кабар таратуучуларга ушундай чоң үмүт берет.

«Кудайдын эңсөө» аттуу китептен үзүндү, 235-бет.