24-октябрь: Машаяк күндүн нуру сыяктуу

Jakshy Kabar Media

24-октябрь: Машаяк күндүн нуру сыяктуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү».

Эврейлер 1:3

Даңкты көркөмдүгү кандай чагылдырып турса же күндүн нуру күндү кандай чагылдырып турса, Ыйса да Кудайды ошондой чагылдырып турат. Кудайды табигый дүйнөдөгү бир нерсеге салыштыруу аркылуу толук түшүнө албайбыз. Окшоштурабыз деп чектен чыгып кетсек, Кудайдын табиятын бурмалап жиберишибиз мүмкүн. Ошондой болсо да, төмөнкү мисалга көңүл буруп көрөлү:

  1. Күн өзүнүн нурун чачканды эч качан токтотпойт. Нуру жок күндү элестетүү мүмкүн эмес. Күн качантан бери бар болуп турса, анын нуру да ошондон бери төгүлүп турат. Ошол сыяктуу эле, Машаяк да Кудай Атага тең тайлаш түбөлүктүү.
  2. Нур – бул күндүн «даңкынын» чагылдырылышы. Күн менен нур эки башка нерсе эмес. Ошол сыяктуу эле, Машаяк Кудайды чагылдырып турат жана Андан бөлөк болгондой көрүнөт, бирок Анын табияты менен Атанын табиятынын ортосунда айырмачылык жок.
  3. Ошондуктан нур кийинчерээк пайда болгон же жаралган нерсе эмес, эң башынан бери эле күн менен чогуу болгон нерсе. Күндүн энергиясы менен иштеген эсептегичти (калькуляторду) күн тийген жерге койсоңуз, ал иштеп баштайт. Анын иштешине күн себеп болот, бирок анда пайда болгон сандарды күн дегенге болбойт. Ал эми күндүн нуру – күндүн өзү. Ошол сыяктуу эле, Машаяк да жаратылган эмес, түбөлүктөн бери Ата менен бар болуп келе жатат.
  4. Биз күндүн нурлары аркылуу күндүн өзүн көрөбүз. Кудай Атаны болсо Ыйсаны көрүү аркылуу көрөбүз. Күндөн чыккан нур жерге 8 мүнөткө жакын убакытта жетип келет, ал эми асманда биздин көзүбүзгө күйүп турган топтой болуп көрүнгөн нерсе – бул күндүн толук көчүрмөсү. Ал – күндүн сүрөтү эмес, нурун чачкан күндүн өзү.

Ошондуктан мен сизге ушул улуу Инсан Ыйсаны таанып, Ага ишеним артууну, Аны сүйүүнү жана Ага табынууну сунуш кылам. Ал тирүү жана Кудайдын оң жагында бардык күчкө жана бийликке ээ болуп отурат. Ал бир күнү улуу даңк менен келет. Ал ошондой бийик жерде отурат, себеби Ал Өзү – Кудайдын Уулу. «Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү».

«Ал асмандагы улуу Кудайдын оң жагына отурду» аттуу насааттан үзүндү.