23-октябрь: Кудайдын акыркы, чечүүчү Сɵзү

Jakshy Kabar Media

23-октябрь: Кудайдын акыркы, чечүүчү Сɵзү

Жон Пайперден насаат сөз

«Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сүйлөп келген Кудай акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү».

Эврейлер 1:1-2

Акыркы күндɵр Кудай Уулунун бул дүйнɵгɵ келиши менен башталат. «Кудай акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү». Машаяк келгенден бери биз акыркы күндөрдɵ, мындайча айтканда, бизге белгилүү болгон Кудайдын Падышачылыгы толугу менен жана биротоло орнотулганга чейинки тарыхтын акыркы күндɵрүндө жашап жатабыз.

Эврейлерге жазылган каттын авторунун айтайын деген ою тɵмɵнкүдɵй: Кудай Уулу аркылуу сүйлɵгɵн Сɵзүн чечүүчү Сɵз кылып бекитти. Уулдун Ɵзүнүн эрки боюнча, ал Сөз Жаңы Келишимдин жазмаларында кылымдар бою сакталып келет. Ал муну ар бир муун ɵз алдынча Кудайдын акыркы сɵзү эмне экени тууралуу баш катырбашы үчүн алдын ала ачык кɵрсɵттү. Бул доордо андан улуураак же анын ордун баса турган башка эч кандай сɵз болбойт. Кудайдын Сɵзү ушул – Ыйсанын өзү, Ыйсанын окутуусу жана Ыйсанын иштери тууралуу Кудайдын шыктандыруусу менен элчилер тарабынан жазылган жазмалар. Биз аларды Жаңы Келишим деп атайбыз.

Мен Кудай Сɵзүн уга албай жатам деп нааразы болгонумда, Кудайдын үнүн угууну каалап, бирок Кудай мен угууну каалаган сɵздү айтпагандыктан ачууланганымда, мындай кылыгым менен эмнени айткан болом? Мен чын эле Жаңы Келишимдеги ушул Кудайдын толук жана катасыз ачылып берилген акыркы жана чечүүчү Сɵзүн толугу менен изилдеп бүтүп койдум, ал мага эми эч нерсе бере албайт деп айтып жатамбы? Чын эле ал Сɵз мага башка эч нерсе бере албай калдыбы? Чын эле ал Сөз менин жан-дүйнөмө толугу менен сиңип, менин мүнөзүм менен жашоомду калыптандырган, мага өмүр берген жана жол көрсөткɵн Сөз болуп калдыбы?

Же мен аны гезиттей барактап, ага интернет баракчаларындагы биринин артынан бири пайда болгон кыскача билдирүүлɵрдɵй үстүртөдөн кɵз жүгүртүп, даамын текшериш үчүн жеп кɵргɵн тамак сыяктуу кабыл алып, ага жеңил ойлуулук менен мамиле кылып, андан соң, мындан башка, мындан кɵбүрɵɵк нерсени каалап калдымбы? Мен ɵзүм мойнума алгым келбесе да, ушундай болуп калдыбы деп корком.

Кудай бизди Өзүнүн акыркы, чечүүчү, түгөнбөгөн Сөзүн угууга чакырат жана жан-дүйнөбүзгө толук сингенге чейин, анын үстүнɵн ой жүгүртүшүбүздү, окуп-үйрөнүшүбүздү, жатташыбызды, Аны колубуздан түшүрбөшүбүздү каалайт.

«Кудай акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү» аттуу насаат сɵздɵн үзүндү.