22-октябрь: Никедеги машаякчылык ырахат

Jakshy Kabar Media

22-октябрь: Никедеги машаякчылык ырахат

Жон Пайперден насаат сөз

«Жыйын Машаякка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин. Күйөөлөр, аялыңарды Машаяк Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машаяк Жыйын үчүн Өзүн берген».

Эфестиктер 5:24-25

Никеде Кудай тарабынан бекитилген сүйүүнүн ɵзгɵчɵ үлгүсү бар. Күйɵɵ менен аялдын ролдору бирдей эмес. Күйɵɵ Жыйындын башчысы болгон Машаяктан үлгү алышы керек. Ал эми аял Машаякка баш ийген Жыйындын Кудай бекиткен ролунан үлгү алышы керек.

Эгерде ар бир үй-бүлө ушундай кылса, күнɵɵнүн кыйратуучу кесепеттери жоголо баштамак. Күнөөнүн айынан үй-бүлөдө сүйүү менен башчылык кылышы керек болгон күйөөлөрдүн кээ бирлери залим, кээ бирлери жалкоо болуп, үй-бүлөсүнө кайдыгер мамиле кылып калышкан. Ал эми күйөөлөрүнө ыктыярдуу түрдө баш ийиши керек болгон аялдардын кээ бирлери момундукту көрсөтүмүш болуп күйɵɵлɵрүн башкарып калышса, кээ бирлери баш ийүүдөн тайманбастык менен баш тартып калышкан.

Машаяк Ыйса акыры адамзат күткөн куткарылууну алып келгенде, Анын максаты дүйнɵ жаратылганда орнотулган күйɵɵнүн сүйүү менен башчылык кылуу жана аялдын ага ыктыярдуу баш ийүү тартибин жок кылуу болгон эмес. Тескерисинче, аны калыбына келтирүү болгон. Ошондуктан аялдар Кудайдын эркине ылайык, Ыйса Машаякка баш ийген Жыйындан үлгү алуу аркылуу күйɵɵлөрүнө күнөөнүн айынан бузулган баш ийүүнү калыбына келтириши керек. Күйɵɵлɵр болсо Жыйынды жан-дили менен сүйгөн Машаяктан үлгү алып, үй-бүлɵдɵгү күнөөнүн айынан бузулган чыныгы башчылыкты калыбына келтириши керек.

Эфестиктер 5:21-33-аяттарда мен эки маанилүү жагдайды байкадым. Биринчиден, никеде машаякчылык ырахаттын даамын татууга болору көрсөтүлгөн. Экинчиден, никеде жубайлардын каалоолору кайсыл жакка багытталышы керектиги көрсөтүлгөн.

Аялдар, күйɵɵлөрүңөрдү үй-бүлɵнүн башчысы катары урматтап, аларга Кудай тарабынан берилген бул жоопкерчилигин аткарууга жардам берүү аркылуу алардын бактысынан өз бактыңарды табууга умтулгула. Күйөөлөр, Ɵз Жыйынын жетектеп, коргогон Машаяктай, ɵз үй-бүлɵңөрдү жетектеп, коргоо милдетин ɵз мойнуңарга алуу аркылуу аялдарыңардын бактысынан өз бактыңарды табууга аракет кылгыла.

Кудайдын менин жашоомдо кɵрсɵткɵн ырайымы жɵнүндɵ ɵзүмдүн күбɵлɵндүрүүм менен бɵлүшүп кетейин. 1968-жылы машаякчылык ырахатчылык менен таанышкам. Ошол эле жылы жаңы үйлɵнгɵн элем. Ошондон бери жубайым Ноэл экөөбүз Теңирге баш ийүүгө аракет кылып, мүмкүн болушунча терең, түбөлүктүү кубанычка ээ болууга жан-дилибиз менен умтулуп жашап келдик. Кээде биздин аракеттерибиз жеткилең эмес болсо да, кээде ɵзүбүздү чечкинсиз көрсөтсөк да, биз бирибиздин кубанычыбыз экинчибиздин кубанычына себеп болушу үчүн аракет кылдык.

Ошондуктан бүгүнкү күндɵ дээрлик 50-жылдык никедеги жашоодон кийин экɵɵбүз тең: «Никеде жубайлар жүрɵктɵрүндɵгү каалоолорун ишке ашыруу үчүн дал ушундай жашашы керек», – деп ишенимдүү түрдɵ айта алабыз. Биздин никебиз машаякчылык ырахатка ээ болгонго мүмкүнчүлүк түзгөн ылайыктуу чөйрө болуп калды. Ар бир жубай үй-бүлɵдɵ ɵзүнө мүнɵздүү болгон ролун аткарып, өмүрлүк жарына кубаныч тартуулоо аркылуу өзү кубанычка бөлөнгөнгө умтулуп жашаганда, Машаяк менен Жыйындын үлгүсүндɵгү никенин сыры барган сайын айкын кɵрүнɵ баштайт. Ошону менен бирге Теңир даңкка ээ болот, ал эми биз кубанычка толобуз.

«Кудайды эңсɵɵ» аттуу китептен үзүндү, 220-221-беттер.