21-октябрь: Никенин сыры

Jakshy Kabar Media

21-октябрь: Никенин сыры

Жон Пайперден насаат сөз

«”Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот”. Бул сыр аябай терең, менин айтканым Машаякка жана Жыйынга тиешелүү».

Эфестиктер 5:31-32

Эфестиктер 5:31-32-аяттарда Пабыл Мусанын Башталыш 2:24-аятта айткан сɵздɵрүн шилтеме катары келтирип жатат: «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот». Ыйса да Кудай Муса аркылуу ушул сөздөрдү айтканын ырастайт (Матай 19:5). Пабыл Кудайдын бул сөзү адамдын күнөөгɵ батуусунан мурун айтылганын жана ал Машаякка жана Анын Жыйынына тиешелүү болгондуктан чоң сырды камтыганын айтат.

Бул Кудай эркек менен аялды жаратып, нике аркылуу бириктирерде, алардын бири-бири менен болгон мамилесин кокусунан эле ойлоп таппастан, максаттуу түрдɵ бекемдеген дегенди түшүндүрɵт. Ал никени дүйнө жарала электен мурун түбөлүктүүлүктө Өзүнүн оюнда болгон Уулу менен Жыйындын ортосундагы мамилеге окшоштуруп курууну максат кылган.

Ошондуктан нике – бул жашыруун сыр. Ал биз кɵзүбүз менен кɵрɵ албаган алда канча терең маанини ɵзүнɵ камтып турат. Кудай адамды эркек жана аял кылып жаратып, алардын никедеги мамилеси Машаяк менен Анын Жыйынынын ортосундагы мамиледей түбɵлүктүү болушу үчүн никени жараткан.

Пабыл муну түшүнгɵндɵн кийин, төмөнкү тыянакка келген: никедеги күйɵɵ менен аялдын ролдору максатсыз бекитилген эмес. Алар Машаякка жана Анын Жыйынына мүнɵздүү болгон ɵзгɵчɵ ролдорду чагылдырып турат.

Арабызда үй-бүлөлүү болгондорубуз Кудай бизге нике аркылуу өзүбүзгө гана тиешелүү болбогон, алда канча чоң жана улуу, Кудайдын Өзүнө тиешелүү болгон чындыктарды чагылдыруу артыкчылыгын бергени канчалык сырдуу жана укмуш экени жөнүндө кайра-кайра ой жүгүртүшүбүз керек.

Машаяк жана Жыйын жөнүндөгү сыр Пабыл сүрөттөгөн никедеги сүйүүнүн негизи болуп саналат. Жубайлардын ар бири ɵз жолдошуна кубаныч тартуулоо аркылуу өзү кубаныч алганга умтулуп жашашы керек деп айтуу жетишсиз. Буга кошумча, күйɵɵ да, аял да Кудайдын ниетине ылайык Машаяк менен Жыйындын ортосундагы болгон мамилени терең түшүнүү менен туурашы керек деп айтуу да маанилүү. Башкача айтканда, жубайлардын ар бири Кудайдын Машаяк менен Жыйынга өз-өзүнчө мүнɵздүү кылып жараткан таза жана Өзүнө жаккан үлгүсүнɵ жараша жашаганга умтулушу керек.

Бойдок же үй-бүлɵлүүсүзбү, кары же жашсызбы, буга олуттуу мамиле кыласыз деген үммүттɵмүн. Себеби келишимди сактаган Машаяк жана келишимди сактаган Жыйындын аянын түшүнүшүбүз ушундан көз каранды.

«Кудайды эңсɵɵ» аттуу китептен үзүндү, 213-бет.