20-октябрь: Сыйынуудагы эң маанилүү нерсе

Jakshy Kabar Media

20-октябрь: Сыйынуудагы эң маанилүү нерсе

Жон Пайперден насаат сөз

«Силер болсо мындай сыйынгыла: Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун».

Матай 6:9

Ыйса шакирттерине сыйынууну үйрөтүп жатып, сыйынууда эң биринчи кезекте асмандагы Атабыздан Өзүнүн ысымы ыйык тутулгудай кылышын суранышыбыз керектигин айткан. Биздин ичибизде, жыйында, дүйнөдө, бардык жерде ушундай болушу керек.

Бул нерсе жарыялоо же даңазалоо эмес, өтүнүч экенин байкаңыз. Кеп Анын ысымын даңктоо жөнүндө эмес, өтүнүчтө болуп жатат. Көптөгөн жылдар бою мен Теңир үйрөткөн сыйынууну «Кудайга даңк, Анын ысымы ыйык тутулуп, урматталып, сыйланып жатат!» дегендей мааниде туура эмес түшүнүп келген экенмин. Бирок бул андай даңазалоо эмес. Бул – өтүнүч. Кеп Кудайдан Өзүнүн ысымы ыйык тутулгудай кылышын суранууда болуп жатат.

Мындай өтүнүч Матай 9-бөлүм 38-аяттагы өтүнүчкө окшош. Бул аятта Ыйса түшүмдүн Кожоюнунан түшүмдү жыйнаганга жумушчуларды жиберишин сурап сыйынуу керектигин айтат. Биз жумушчулар катары өзүнүн талаасындагы түшүмдү бизге караганда жакшыраак билген кожоюндан көбүрөөк жумушчуларды жиберишин суранышыбыз керектиги мени дайыма таң калтырып келет.

Ыйса Өзүнүн шакирттерине үйрөткөн сыйынуусунда да дал ушундай кылышыбыз керектигин айтып жаткан жокпу? Мындайча айтканда, Өзүнүн ысымынын даңкын чексиз деңгээлде кызганган Кудайдан Өз ысымы ыйык тутулушу, б.а. урматталышы, кастарланышы, эң баалуу нерсе катары даңазаланышы үчүн кам көрүшүн суранышыбыз керектигин айткан жокпу?

Канчалык таң калыштуу угулса да, чындап эле ушундай кылышыбыз керектиги айтылат. Мындан эки тыянак чыгарсак болот:

Биринчиден, сыйынууда биз Кудайга Өзү кылгысы келбеген нерсени кылганга түрткү бербейбиз. Ал Өзүнүн ысымы ыйык тутулушун Өзү да каалайт. Кудай үчүн мындан өткөн маанилүү нерсе жок. Бирок Кудай Өзү ушуга кызыкдар болсо да, биз баарыбир ушинтип суранышыбыз керек.

Экинчиден, сыйынуу аркылуу Кудай биз үчүн эң маанилүү болгон нерселер Өзү үчүн эң маанилүү болгон нерселерге ылайык келгендей кылат. Кудай биздин сыйынууларыбыздын натыйжасында чоң иштерди жасагысы келет, бирок бул үчүн оболу биздин сыйынууларыбыз Анын эң башкы максаттарына туура келиши керек.

Кудай Өз ысымын кызгангандай жана анын ыйык тутулушун каалагандай, биз да каалай баштасак, биздин сыйынуубуз абдан натыйжалуу болуп калат. Биринчи жана эң негизги сыйынуубуз Кудайдын ысымынын ыйык тутулушу болсо, ошондо Өз ысымын ушунчалык кызганган Кудай Өз кудурети менен биздин сыйынууларыбызды ишке ашырат.

«Бүт жер жүзүндө Сенин ысымың ыйык тутулсун» аттуу насааттан үзүндү.