19-октябрь: Сүйүүнүн эң чоң кубанычы

Jakshy Kabar Media

19-октябрь: Сүйүүнүн эң чоң кубанычы

Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат, анткени биз Анын дене мүчөлөрүбүз».

Эфестиктер 5:29-30

Акыркы сүйлөмгө көңүл буруңуз: «анткени биз Анын дене мүчөлөрүбүз». Ошондой эле, Пабыл эки аят мурунураак эмне дегенин да унутпаңыз: «Ал [Машаяк] Жыйынды… Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн Өзүн берген». Ошентип, Машаяк Өзүнө кубаныч табуу үчүн Өзүнүн элин ыйыктыкка, сулуулукка, даңкка жана бакытка жеткиргенин Пабыл эки башка жол менен түшүндүрүп жатат.

Машаяк менен Анын колуктусунун ортосундагы байланыш ушунчалык тыгыз («бир дене» сыяктуу) болгондуктан, Ал Өз колуктусу үчүн кандай жакшылык кылса, аны Өзү үчүн кылган болот. Демек, жогорудагы аяттырдын мааниси мындай: Теңирдин Өзүнүн колуктусун азыктандырып, ага кам көрүп, аны тазалап жууп, ыйыктагысы келгенинин себеби Анын ошол аркылуу Өзүнө кубаныч тапкандыгы.

Кээ бир адамдар муну сүйүү деп эсептебейт, себеби алардын ою боюнча, бирөөнү сүйгөн адам өзүнүн кызыкчылыгын издебейт; өзгөчө айкаш жыгачтагы өлүмгө даяр болгон Машаяктыкындай сүйүүгө ээ болгон адам мындай кылбайт. Бирок сүйүү жөнүндөгү ушундай түшүнүктүн жогорудагы аяттарга тиешелүү кылып каралганын мен эч качан көргөн эмесмин.

Кандай болгон күндө да, Машаяктын Өз колуктусуна жасаган мамилесин бул аяттар ачык эле сүйүү деп атайт: «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө…» (Эфестиктер 5:26). Ошондуктан Ыйык Китепке өзүбүздүн этикалык жана философиялык аныктамаларыбызды таңуулабастан, текст өзү сүйүүгө кандай аныктама бергенине көңүл бурбайлыбы? Бул аяттар Машаяк Өзүнүн колуктусун ыйык кубанычка бөлөө аркылуу Өзү кубанычка умтулганын сүйүү деп атайт.

Сүйүүдөн жеке кызыкчылыкты алып сала албайбыз, себеби жеке кызыкчылык деген өзүмчүлдүк эмес. Өзүмчүл адам башкаларды пайдалануу аркылуу өзүнүн бакытын издейт эмеспи.

Машаяктын сүйүүсү болсо өз бактысын башкаларды колдонуудан эмес, тескерисинче аларды бактылуу кылуудан издейт. Атүгүл, мындай сүйүү өзүнүн колуктусун өмүргө жана ыйыктыкка ээ кылыш үчүн, азап чегип өлгөнгө жана ушунун натыйжасында толук кубанычка жеткенге да даяр.

Машаяк бизди ушундай сүйгөн жана бири-бирибизди ушундай сүйүүгө чакырат.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (206-207-беттер).