18-октябрь: Никедеги Ыйсанын кубанычы

Jakshy Kabar Media

18-октябрь: Никедеги Ыйсанын кубанычы

Жон Пайперден насаат сөз

«Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген. Ал Жыйынды сөз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо үчүн; тагы, кемчилиги же ушул сыяктуу бир нерсеси жок, ыйык жана кемчиликсиз кылып, Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн Өзүн берген».

Эфестиктер 5:25-27

Никеде бактысыздыктын жана кыйынчылыктардын көп болушунун себеби күйөөлөр менен аялдардын өздөрүнүн жыргалчылыгын издегенинде эмес, ошол жыргалчылыкты жубайларына кубаныч тартуулоодон издебегендигинде. Ыйык Китеп күйөөлөргө жана аялдарга кубанычты өз жубайларына кубаныч берүүдөн издөөнү осуяттайт.

Ыйык Китептен никеге тиешелүү болгон Эфестиктер 5-бөлүм 25-30-аяттардагыдай машаякчылык кубаныч тууралуу көп сөз кылган башка жерди табыш кыйын. Бул аяттарда Машаяк Жыйынды канчалык сүйсө, күйөөлөр өз аялдарын ошончолук сүйүшү керектиги айтылат.

Машаяк Жыйынды кандай сүйдү эле? Жооп 25-аятта айтылат: «Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген». Бирок эмне үчүн мындай кылган? Жооп 26-аятта айтылат: «Жыйынды… жууп тазалап, ыйыктоо үчүн». Бирок эмне үчүн Ал мындай кылгысы келген? Жооп 27-аятта айтылат: «[Жыйынды] Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн Өзүн берген».

Аа, мынакей! «Айкаш жыгачка керилип, кордук көрөрүн билсе да, келечекте күтүп турган зор кубаныч үчүн Ал ошого даяр болду» (Эврейлер 12:2; КИ). Бул кандай кубаныч? Өзүнүн колтуксу Жыйын менен никелешүүдөн келген кубаныч. Өзүнүн канын төгүү аркылуу Жыйынды Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюудан келген кубаныч.

Ыйса кир жана ыйык эмес колуктуну алгысы келбейт. Андыктан Ал Өзүнүн убадалашып койгон колуктусун жууп тазалап, ыйыктап, «даңктуу» аял кылыш үчүн, Өз өмүрүн бергенге даяр болгон. Ал Өзүнүн колуктусуна жакшы болушу үчүн, Өз өмүрүн азаптуу өлүмгө берген. Натыйжада Өзүнүн каалоосуна жеткен.

Андан соң Пабыл 28-30-аяттарда ушул чындыкты күйөөлөргө карата колдонот: «Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат».

Ыйса күйөөлөргө жана аялдарга, деги эле ар бир машаякчыга, «өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй» деген осуят берген (Матай 22:39). Нике болсо ушул осуятты аткара турган өзгөчө бир жай болуп саналат. Бул осуят жубайыбызды жөн эле өзүбүздү сүйгөнчөлүк деңгээлде сүйүшүбүз керектигин эмес, өзүбүздөй сүйүшүбүз керектигин билдирет. Кудай бир дене кылып койгон адамды сүйгөнүбүздө, өзүбүздү сүйгөн болобуз. Демек, өзүбүзгө эң чоң кубанычты жубайыбызга кубаныч берүүдөн таба алабыз.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (205-206-беттер).