17-октябрь: Молчулуктун максаты

Jakshy Kabar Media

17-октябрь: Молчулуктун максаты

Жон Пайперден насаат сөз

«Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип, муктаж болгон адамга бир нерсе бере алгыдай болуш үчүн, өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын».

Эфестиктер 4:28

Материалдык байлыкка ээ болуунун үч жолу бар: (1) уурулук кылсаңыз болот; (2) өзүңүз иштеп тапсаңыз болот; (3) ага жетип, башкаларга бериш үчүн, эмгектенсеңиз болот.

Өздөрүн машаякчы эсептегендердин көпчулүгү экинчи жолдо жүрүшөт. Биз уурдаганга же бекер алганга караганда өзүбүз иштегенибиз артык экенин жарыялайбыз жана уурулук менен бирөөдөн жардам алып жата бергенди жек көргөнүбүз үчүн, туура иш кылдып деп өзүбүз менен сыймыктанабыз жана өзүбүздүн кирешебизди чынчылдык менен иштеп тапканга аракет кылабыз. Мындай кылган жаман эмес. Уурулук кылганга жана кайыр сураганга караганда, маңдай тер төгүп эмгектенген артык. Бирок элчи Пабыл бизди мындай нерсеге эмес, башка нерсеге чакырып жатат.

Биз өзүбүздүн маданиятыбызда «иштебеген тиштебейт» деген сөздү угуп чоңоёбуз. Бирок Ыйык Китеп бизди үчүнчү жолго түшкөнгө, б.а. акча иштеп таап, башкаларга жардам бергенге кайра-кайра чакырат. «Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет» (2 Корунттуктар 9:8).

Эмне үчүн Кудай бизди ашыгы менен баталайт? Себеби Ал өзүбүзгө да жетсин жана ашканын рухий жана денелик жакырчылыкты – убактылуу жана түбөлүктүү азапты жоюу үчүн ар түрдүү жакшы иштерге да жумшасын дейт. Өзүбүзгө жетиштүү болушу үчүн жана башкаларга да жардам беришибиз үчүн мол берет.

Кеп адамдын канча акча иштеп тапкандыгында эмес. Бүгүнкү күндө чоң ишканалардын жана көп айлык-акы алгандардын болушу кадыресе нерсе, мунун эч кандай жаман жери жок. Жаман нерсе – көп акча тапсак, аны ашыгы менен колдонуп, жыргашыбыз керек деген ой.

Кудай бизди Өзүнүн ырайымынын куралы болушубуз үчүн жараткан. Курал алтындан болушу керек деп ойлой баштасак, балээге кабылышыбыз мүмкүн. Куралдын сөзсүз эле алтындан болушу кереги жок, жезден деле болсо боло берет. Жез курал менен деле башкаларга абдан мол баталарды берсе болот. Башкаларга жардам берген сайын өзүбүз да эң чоң батага жана андан келген кубанычка ээ болобуз (Элчилердин иштери 20:35).

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (202-203-беттер).