16-октябрь: Кудайдын кызганчаактыгынан коркуу жана ага үмүт артуу

Jakshy Kabar Media

16-октябрь: Кудайдын кызганчаактыгынан коркуу жана ага үмүт артуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Анын ысымы – “Кызганчаак”. Ал – кызганчаак Кудай».

Чыгуу 34:14

Кудай Өзүнүн ысымынын даңкын чексиз деңгээлде кызганат, андыктан жүрөктөрү Ага таандык болушу керек болгон адамдар ойноштук кылган аялга окшоп башка кудайларга кызыга баштаса, Ал аларга үрөйдү учурган каар менен жооп берет.

Мисалы, Жезекиел 16-бөлүм 38-40-аяттарда Кудай ишенимсиз Ысрайылга мындай дейт:

«Мен сени ойноштук кылгандарды жана кан төккөндөрдү жазалагандай жазалайм, сени каарым менен, кызганчаактыгым менен өлүм жазасына тартам. Сени алардын колуна салып берем, ошондо алар сенин бузуктук бутканаларыңды кыйратышат, сенин бутканаларыңды уратышат, үстүңдөгү кийимиңди сыйрып алышат, жасалгаларыңды жулуп алышат, өзүңдү жылаңач, жабуусуз калтырышат. Сага топ элди каршы көтөрүшөт, сени таш бараңга алышат, кылычтары менен бөлө чабышат».

Бул эскертүүгө кулак салыңыз. Сиз бир гана Кудайды сүйүп, бир гана Ага берилбесеңиз, Ал Өзүнүн кызганчаактыгы менен сизди ары же бери кылат. Сизди эмне гана өзүнүн алдамчы сулуулугу менен азгырып, Кудайды сүйгөндөн алаксытпасын, ал нерсе акырында «үстүңүздөгү кийимиңизди сыйрып алып, өзүңүздү бөлө чабат».

Өзүңүздүн Кудайдан алган өмүрүңүздү Ага каршы ойноштук кылганга коротсоңуз, анын акыбети өтө жаман болот.

Ал эми Машаякка чын жүрөгү жана жан-дили менен берилгендер жана башка бардык нерселерден баш тартып, Ага гана берилип, Анын даңкы үчүн гана жашагандарга Кудайдын кызганчаактыгы өтө чоң сооронуч жана чоң үмүт берет.

Кудай Өзүнүн ысымынын даңкын чексиз деңгээлде кызгандыктан, эмне гана же ким гана Анын ишенимдүү «аялын» азгырбасын (ага коркунуч туудурбасын), аларга Өзүнүн кудайлык кудуреттүү күчү менен каршы чыгат. Ишенимдүү аял үчүн, б.а. Кудайдын ишенимдүү эли үчүн бул – кубанычтуу кабар.

Ойноштук кылгандар, дүйнөнү сүйгөндөр жана Кудайдын «көзүнө чөп салгандарга» Анын кызганчаактыгы абдан чоң коркунуч туудурат (Жакып 4:3-4). Ал эми өздөрүнүн берген убадасын сактагандар, бул дүйнөдө чоочун жана келгин болгондор үчүн Анын кызганчаактыгы чоң сооронуч болуп саналат.

citation