15-октябрь: Сыйынууга планыбыз болсун

Jakshy Kabar Media

15-октябрь: Сыйынууга планыбыз болсун

Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет. Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам даңкталат, Менин шакирттерим болосуңар… Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым».

Жакан 15:7-8, 11

Биз сыйынуу аркылуу Ыйса менен жемиштүү мамилеге жана андан келген кубанычка ээ болгубуз келет, себеби биз сыйынууларыбызга жооп алып, жемиш бергенибизде Кудай даңкталарын билебиз. Анда эмне үчүн Кудайдын балдары көп учурда туруктуу, кубанычтуу жана жемиштүү сыйынууну адатка айландыра алышпайт?

Адашпасам, мунун бир себеби – биз сыйынгыбыз келбегендиги эмес, сыйынганга планыбыздын жоктугу.

Эгерде төрт жумага жумуштан эс алгыбыз келсе, анда жайында бир күнү эртең менен тура калып эле, үй-бүлөбүзгө: «Кеттик!» – дебейбиз да. Андай кылгыдай, эч кандай даярдыгыбыз жок, каякка барарыбызды да билбейбиз, эч кандай планыбыз да жок.

Бирок көпчүлүгүбүз сыйынууга ушундай мамиле кылабыз. Күн сайын ойгонгондо күнүмдүк жашообузда жетишээрлик убакытты сыйынууга бөлүшүбүз керектигин түшүнөбүз, бирок андай кылып баштаганга эч кандай даярдыгыбыз жок.

Каякка барарыбызды билбейбиз. Эч нерсени – убакытты да, жерди да, иштин өзүн да ойлонуштурган эмеспиз. Ал эми планыбыз жок болсо, капысынан эле ажайып жана терең сыйынуу тажрыйбасына ээ болбой турганыбызды баарыбыз эле жакшы билебиз. Планыбыз жок болсо, баягы эле эски адатыбыз боюнча эптеп-септеп сыйына беребиз.

Эс алууга карата эч кандай планыбыз жок болсо, анда үйдөн эч жакка чыкпай, сыналгы көрүп отура беребиз. Анын сыңарындай, рухий жашообузду эмне болсо ошол болсун деп, пландаштырбай жүрө берсек, жаныбыз илең-салаң болгон абалга кабылат. Алдыда чуркап өтүш керек болгон жарыш жана жүргүзүш керек болгон күрөш турат. Эгерде сыйынуубузда жаңыланууну көргүбүз келсе, анда аны көрүүнү пландаштырышыбыз керек.

Андыктан мен сизге мындай жөнөкөй акыл-насаат айтмакчымын: Келиңиз, бүгүндөн калтырбай биз үчүн эң маанилүү болгон иштер жөнүндө кайрадан ойлонуп, сыйынууну кандай орунга коюшубуз керектигин чечели. Жаңы чечимдерди чыгаралы. Кудай менен чогуу жаңы нерселерди кылып көрөлү. Убакытты белгилейли. Жай табалы. Ыйык Китептен бизге жол көрсөткөн аяттарды тандап алалы.

Күнүмдүк түйшүктөрүбүз биздин жашообузду башкарбасын. Бара жаткан жолубузда токтоп, туура багытты аныктаганга баарыбыз эле муктажбыз. Бүгүнкү күн сыйынууга кайтып келип, Кудайдын даңкын жана толук кубанычты кайрадан тажрыйбалай баштаган күн болсун!

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (182-183-беттер).