14-октябрь: Кудай моюн сундуруу аркылуу айыктырат

Jakshy Kabar Media

14-октябрь: Кудай моюн сундуруу аркылуу айыктырат

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен анын жолдорун көрдүм, Мен аны айыктырам, Мен аны алып жүрөм, Мен аны жана анын кайгыргандарын сооротом. Мен “Тынчтык, алыскыларга да, жакынкыларга да тынчтык” деген сөзүмдү аткарам, – дейт Теңир. – Мен аны айыктырам».

Ышайа 57:18-19

Адам өжөрлүктүн жана тоң моюндуктун оорусуна канчалык катуу чалдыкпасын, Кудай аны баары бир айыктырат. Кантип айыктырат? Ышайа 57-бөлүм 15-аятта Кудай чын жүрөктөн өкүнгөндөр жана моюн сунгандар менен чогуу жашары айтылат. Бирок 57-бөлүм 17-аятта сөз болгон эл моюн сунган эмес. Тескерисинче, бетпактык кылып, өзүнүн текебер жолунан кайткан эмес. Анда ал эл кантип айыгат?

Мунун бир гана жолу бар. Кудай аны моюн сундуруу аркылуу айыктырат. Ал бейтапты текебердигин сындыруу аркылуу түзөлтөт. Эгерде чын дилинен өкүнүп, моюн сунгандар гана Кудай менен мамиледе боло алса, эгерде Ысрайыл элинин илдети текебердик, өжөрлүк, өзүнүкүн бербегендик болсо эгерде Кудай аны айыктырарын убада кылса, анда Ал моюн сундуруу аркылуу айыктырып, чын дилинен өкүндүрүү аркылуу түзөлтүшү керек (Ышайа 57:15,17-18).

Жеремия жаңы келишим жана жаңы жүрөк деп атаган нерселер жөнүндө Ышайа ушундайча пайгамбарчылык кылып жаткан жокпу? Жеремия мындай дебеди беле: «Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл… менен жаңы келишим түзөм… Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот» (Жеремия 31:31, 33)?

Ышайа да, Жеремия да илдетке чалдыккан, тил албас, жүрөгү катууланган эл кереметтүү жол менен өзгөрүлө турган убак келерин алдын ала көрүшкөн. Ышайа айыгуу тууралуу сөз кылат. Жеремия болсо мыйзам элдин жүрөгүнө жазылары тууралуу сөз кылат. Ал эми Жезекиел бул тууралуу мындай дейт: «Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам. Силердин денеңерден таш жүрөктү алып салып, эт жүрөк берем» (Жезекиел 36:26).

Демек, Ышайа 57-бөлүм 18-аятта сөз болгон айыгуу – бул жүрөктүн алмаштырылышы, б.а. эски, катууланган, текебер, өжөр, таш жүрөктүн алынып, анын ордуна жаңы, жумшак жана назик жүрөктүн берилиши. Мындай жүрөк мурунку жана азыркы күнөөлөрүн эстеп, оңой эле моюн сунуп, чын дилинен өкүнөт.

Улуу, Даңкталган жана Ысымы Ыйык Кудай-Теңир ушундай жүрөк менен түбөлүккө жашайт.

«Улуу, Даңкталган, Ысымы Ыйык» аттуу насааттан үзүндү.