13-октябрь: Кызмат кылган Кожоюн

Jakshy Kabar Media

13-октябрь: Кызмат кылган Кожоюн

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай муну Машаяк Ыйса аркылуу бизге көрсөткөн жакшылыгын жана Өз ырайымынын ченемсиз молдугун келечек кылымдарда көрсөтүш үчүн жасады».

Эфестиктер 2:7

Мен үчүн Ыйык Китептеги Машаяктын экинчи келишинин эң таң калыштуу сүрөттөмөсү Лука 12-бөлүм 35–37-аяттарда жазылган. Бул үзүндүдө үйлөнүү тоюнун кожоюнунун кайтып келиши төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

«Силердин белиңер курчалуу, чырагыңар күйгүзүлүү болсун. Өзүңөр да эшикти кагары менен ачып берүү үчүн, “Үйлөнүү тойдон качан келет?”- деп, кожоюнун күткөн адамдарга окшош болгула. Кожоюну келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу. Силерге чындыкты айтып коеюн, ал белин курчап алып, кулдарын дасторконго отургузат да, жакын келип, аларга кызмат кылат».

Бул аяттарда биз кулдар экенибиз ачык айтылат, ал эми бул биз кожоюнубуздун буйруктарын так аткарышыбыз керектигин билдирери анык. Бирок бул сүрөттөмөдөгү таң калыштуу нерсе – «Кожоюндун» Өзү кулдарына кызмат кылгандыгы. Биз Ыйса жерде кызмат кылып жүргөндө, ошондой болсо керек деп ойлошубуз мүмкүн, анткени Ал: «Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – дебеди беле (Марк 10:45). Бирок Лука 12-бөлүм 35-37-аяттарда Адам Уулунун Атасынын улуу даңкы менен экинчи жолу келиши сүрөттөлөт. Бул туурасында 2 Тесалоникалыктар 1-бөлүм 7-8-аяттарда: «Теңир Ыйса Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келет», – деп айтылат. Анда эмне үчүн Ыйса экинчи жолку келишинде дасторкондо отургандарды тейлеген кызматчы катары сүрөттөлөт?

Анткени Ыйсаны даңкка ээ кылган чыныгы нерсе – бул Анын Өзүнүн мол ырайымын муктаж адамдарга көрсөтүүсү. Мына ушул себептен Эфестиктер 2-бөлүм 7-аятта Кудайдын максаты «Машаяк Ыйса аркылуу бизге төккөн мээрими менен келечек кылымдарда Өзүнүн эбегейсиз зор ырайымын көрсөтүү» болгону айтылат (КИ).

Биздин Кудайыбыздын улуулугу эмнеде? Анын бул дүйнөдөгү кайсыл иши Аны өзгөчөлөнтүп турат? Буга Ышая мындай деп жооп берет: «Анткени Теңирден үмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды кылымдардын башталышынан бери эч бир кулак уккан эмес, эч бир көз көргөн эмес» (Ышайа 64:4). Мындай кылган башка кудай жок. Ал – Өзүнөн дайыма көз каранды болгон элине жакшылык кылууну жана аны бакытка бөлөөнү эч качан токтотпогон Кудай.

Кудайды эңсөө китебинен үзүндү, 169-бет.