12-октябрь: Кудай биздин кызматыбызга муктаж деген ойдон алыс болуу

Jakshy Kabar Media

12-октябрь: Кудай биздин кызматыбызга муктаж деген ойдон алыс болуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Ал – дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай, асман менен жердин Теңири, ошондуктан Ал адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт. Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген-Ал Өзү».

Элчилердин иши 17:24-25

Биз Кудайды Анын муктаждыктарын толтуруу аркылуу даңктабайбыз, тескерисинче, Андан биздин муктаждыктарыбызды толтуруусун сурап сыйынуу аркылуу жана Анын жооп берерине бекем ишенүү аркылуу Аны даңктайбыз. Ошондой эле, Анын чексиз камкордугунун кубанычына бөлөнүп, башкаларга сүйүү менен кызмат кылганга өмүрүбүздү арнаганыбызда, Анын атын даңктайбыз.

Машаякчылык ырахат жөнүндөгү Жакшы Кабардын маңызы мына ушунда. Кудай биздин Андан жардам берүүсүн суранышыбызды абдан каалайт, анткени бул аркылуу Ал даңкка ээ болот. «Башыңа кыйынчылык түшкөн күндө Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың» (Забур 49:15). Бул укмуштуу чындык Ал биздин кызматыбызга муктаж деген ойдон алыс болушубуз керектигин эскертип турат. Кудай бизге муктаж деп ойлоп албоо үчүн, этият болушубуз керек. Ошондой эле, Анын даңкы чыгышына тоскоолдук кылбашыбыз үчүн, Анын бизге кызмат кылышына жол бергенге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. «Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт» (Элчилердин иштери 17:25).

Көпчүлүгүбүз Кудайга кызмат кылуунун эч кандай зыяны жок деп ойлойбуз. Бирок Кудайга кызмат кылуу Аны мазактоо болуп калышы мүмкүн экени жөнүндө эч качан ойлобойбуз. Бул ой таң калыштуу угулушу мүмкүн. Бирок сыйынуунун чыныгы мааниси жөнүндө ой жүгүртө турган болсок, ушул ойдун тууралыгы айкын болот.

«Робинзон Крузо» аттуу чыгармада башкы каарман адам жашабаган бир аралга түшүп калганда, үмүтүн үзбөө үчүн, өзү эң жакшы көргөн Забур 49:12-15 жөнүндө ой жүгүртөт. Кудай бул аяттарда: «Эгерде Мен ачка болсом да, сага айтмак эмесмин, анткени бүткүл аалам жана анда жашагандардын баары Меники… Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың», – дейт.

Мунун мааниси мындай: Кудайга кызмат кылабыз деп, Аны кемсинтип, биздин кызматыбызга муктаж болгондой кылып көрсөтүп коюшубуз мүмкүн. Андыктан Машаяктагы Кудайдын улуу ырайымына тоскоолдук кылбоо үчүн ушунчалык этият болушубуз керек. Ыйса: «Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деген ( Марк 10:45). Ал кызматчы болууну максат кылган, себеби ошол аркылуу Берүүчү катары даңкка ээ болгусу келген.

Кудайды эңсөө аттуу китептен үзүндү, 168-бет.