11-октябрь: Ансыз биз эч нерсе кыла албайбыз

Jakshy Kabar Media

11-октябрь: Ансыз биз эч нерсе кыла албайбыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар. Ким Менин ичимде болсо, Мен анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет. Анткени силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар».

Жакан 15:5

Сиз толугу менен шал болуп калдыңыз жана сүйлөгөндөн башка өз алдынча эч нерсе кыла албай калдыӊыз деп элестетели. Муну көргөн сиздин күчтүү жана ишенимдүү бир досуңуз сиз менен чогуу жашап, сизге эмне кылып бериш керек болсо, ошону жасаганга убада берди дейли. Чоочун бирөө сизди көргөнү келгенде, досуӊузду анын көзүнчө кантип мактай алат элеӊиз?

Досуңуздун боорукердигин жана күч-кубатын даңазалаш үчүн, өзүӊүз төшөктөн тура калып, аны көтөргөнгө аракет кылат белеӊиз? Жок! Сиз: «Досум, сураныч, коногумдун жүзүн көрө алышым үчүн, мени ордуман тургузуп, артыма жаздык коюп бере аласыңбы? Көз айнектеримди да тагып коё аласыңбы?» – деп айтмаксыз.

Ошентип, коногуӊуз сиздин өтүнүчтөрүӊүздөн улам, алсыз экениӊизди көрүп, ал эми досуӊуздун күчтүү жана боорукер экенин биле алат. Сиз досуӊузду ага муктаж болуу, андан жардам суроо жана ага таянуу аркылуу мактай аласыз.

Жакан 15-бөлүм 5-аятта Ыйса: «Силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар» – дейт. Демек, чын эле биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелген. Машаяксыз биз Аны даӊазалаган эч бир жакшы иш жасай албайбыз. Римдиктер 7-бөлүм 18-аятта Пабыл мындай дейт: «Менин ичимде, тактап айтканда, менин күнөөкөр табиятымда жакшы нерсе жок экендигин билем».

Бирок Жакан 15-бөлүм 5-аятта айтылгандай, Кудай бизден Машаякты даӊазалаган көптөгөн жакшы иштерди жасашыбызды, тактап айтканда, жемиш беришибизди каалайт: «Ким Менин ичимде болсо, Мен анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет». Ошондуктан Ыйса биздин “Мен силерди досторум дедим” (Жакан 15:15) деген күчтүү жана ишеничтүү досубуз катары өзүбүз жасай албаган нерселерди биз үчүн жана биз аркылуу жасоого убада берет.

Анда биз Аны кантип даӊктай алабыз? Жакан 15-бөлүм 7-аятта Ыйса буга минтип жооп берет: «Эгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет».

Биз сыйынабыз. Өзүбүз жасай албаган нерселерди Машаяк аркылуу жасашын – бизди жемиш бергенге жөндөмдүү кылышын Кудайдан суранабыз.

Жакан 15-бөлүм 8-аятта мындан кандай майнап чыгары айтылган: «Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам даңкталат».

Демек, Кудай сыйынуу аркылуу кантип даӊкталат? Сыйынуу – бул Машаяксыз эч нерсе жасай албашыбызды ачык айтуу. Ошондой эле, сыйынуу – бул өзүбүздүн күчүбүзгө таянбай, Кудайга кайрылуу жана Анын бизге керек болгон жардамды берерине ишенүү.

“Кудайды эӊсөө” аттуу насаат сөздөн үзүндү, 160-161-беттер.