10-октябрь: Эң мыкты аяттар

Jakshy Kabar Media

10-октябрь: Эң мыкты аяттар

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай Өзүнүн чыдамдуулугу убагында мурунку кылынган күнөөлөрдү кечирүү аркылуу Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн, Машаяктын төгүлгөн канын ырайым курмандыгы катары ишеним аркылуу сунуш кылды. Азыркы учурда Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн ушундай кылды. Ал Ыйсага ишенген адамга адилеттүү жана актоочу катары таанылсын».

Римдиктер 3:25-26

Римдиктер 3-бөлүм 25-26-аяттар Ыйык Китептеги эң маанилүү аяттар болушу мүмкүн. Кудай толугу менен акыйкаттуу. Бирок ошол эле учурда Ал кудайсыздарды актайт. Чын элеби? Кантип эле адилеттүү сот күнɵɵлүү адамды актасын?

Бул жерде Кудай бирин кылса, экинчиси бузулат дегенге болбойт. Ал тигинисин да, мунусун да кылат, б.а. күнөөлүү адамды күнɵɵсүз деп жарыялайт, бирок ошого карабастан акыйкатсыздык кылбайт. Бул – бүткүл дүйнөдөгү эң таң калыштуу кабар!

Кудай биздин ордубузга эч жазыксыз Машаякты жоопкер кылды. Ал аркылуу биз эми Кудай алдында акталдык (2 Корунттуктар 5:21). Ал биздин күнɵɵлɵрүбүздү Өзүнө алды. А биз болсо Анын адилеттүүлүгүн алдык.

«Кудай Өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдын денесиндей дене менен күнөө үчүн чалынуучу курмандык катары жиберип, денеде жашаган күнөөнү соттоду» (Римдиктер 8:3). Кимдин денеси? Машаяктыкы. Ал денеде кимдин күнɵɵсү соттолду? Биздики. Эми биз соттолбойбуз!

«Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты» (1 Петир
2:24).

«Себеби Машаяк да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты» (1Петир 3:18).

«Аныкындай өлүм аркылуу Аны менен бириксек, анда Аныкындай тирилүү аркылуу Аны менен биригебиз» (Римдиктер 6:5).

Дүйнɵдɵгү эң коркунучтуу кабар тɵмɵнкүдɵй: Биз өз Жаратуучубуздун сотуна кабылдык жана Ал акыйкаттуу мүнөзгө ээ болгон Кудай катары Ɵз даңкынын улуулугун сакташ үчүн, күнөөкөр болгон бизге түбөлүктүү каарын төккөнгө мажбур.

Ал эми дүйнɵдɵгү эң кубанычтуу кабар (Жакшы Кабар) мындай: Кудай Ɵзүнүн улуу даңкын чыгара турган, Уулун урматтай турган жана тандалгандарды түбөлүк куткара турган жолду тапты жана колдонду. Ыйса Машаяк бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келди.

«Кудайды эңсɵɵ» аттуу китептен үзүндү, 62-63-беттер.