9-октябрь: Кудайдын акылмандыгы жана ырайымы

Jakshy Kabar Media

9-октябрь: Кудайдын акылмандыгы жана ырайымы

Жон Пайперден насаат сөз

«Биз болсо айкаш жыгачка кадалган Машаяк жөнүндө жарыялайбыз. Жүйүттөр үчүн бул – азгырык, ал эми эллиндер үчүн акылсыздык. Чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, эллин болобу, Машаяк – бул Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы».

1 Корунттуктар 1:23-24

Биздин өз Жаратуучубуздун сотуна кабылганыбыз жана Анын акыйкаттуу мүнөзүнө ээ болгон Кудай катары Ɵз даңкынын улуулугун сакташ үчүн, күнөөкөр болгон бизге түбөлүктүү каарын төккөнгө мажбур экени тууралуу коркунучтуу кабар менен чогуу жарыяланган сонун бир Жакшы Кабар да бар.

Эч бир адам бул чындыкты бизге жаратылыштан үйрөтө албайт. Аны биз жакындарыбыз менен бɵлүшүп, жыйындарда жар салып, башка элдердин арасында таратышыбыз керек.

Жакшы кабар – бул Кудайдын бүткүл адамзатты сотко кабылтпай, Ɵзүнүн акыйкаттыгынын талаптарын канааттандыруунун жолун Өзү тапканы тууралуу кабар.

Кудай Өзүнүн акыйкаттыгын орнотуу үчүн, күнөөкөрлөргө тиешелүү жазасын берип, алардын баарын тозокко жиберсе болмок. Бирок мындан башка дагы бир жол бар. Кудай ошол жолду тандады. Жакшы Кабар мына ошол.

Кудай бизди сүйгөндүктөн, Өзүнүн акыйкаттыгын бузбай туруп бизди Ɵзүнүн каарынан куткаруунун жолун Өз акылмандыгы менен тапты. Жакшы Кабар деген мына ушул. Муну сизге дагы бир жолу жайыраак айтайын: Кудай бизди сүйгөндүктөн, Өзүнүн акыйкаттыгын бузбай туруп бизди Ɵзүнүн каарынан куткаруунун жолун Өз акылмандыгы менен тапты.

Бул эмне деген акылмандык? Бул Кудай Уулунун күнɵɵкɵрлɵр үчүн курман болушу!
«Биз болсо айкаш жыгачка кадалган, Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы, Машаяк жөнүндө жарыялайбыз» (1 Корунттуктар 1:23-24).

Машаяктын ɵлүмү – бул Кудайдын акылмандыгы. Ал аркылуу Кудай Ɵзүнүн акыйкаттыгын сактоо жана кɵрсɵтүү үчүн, Өз сүйүүсү менен күнɵɵкɵрлɵрдү Ɵзүнүн каарынан куткарат.

«Кудайды эңсɵɵ» аттуу китептен үзүндү, 61-62-беттер.