8-октябрь: Биз бактылуу болсок, Кудай кубанат

Jakshy Kabar Media

8-октябрь: Биз бактылуу болсок, Кудай кубанат

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен алар менен түбөлүк келишим түзөм. Ал түбөлүк келишим боюнча Мен алардан баш тартпайм, аларга ырайым кылам. Алар Менден четтебеши үчүн, алардын жүрөгүнө Менден коркуу сезимин салам. Аларга ырайым кылганыма кубанам, аларды бул жерге чын жүрөгүм менен, жан-дилим менен бекем отургузам».

Жеремия 32:40-41

Кудайдын бизден даңктоо алууга умтулуусу менен биздин Андан бакыт табууга умтулуубуз – бирдей умтулуу. Биздин Кудайдагы кубанычыбыз даңктоого айланганда, Кудай Өзү издеген даңкка, ал эми биз өзүбүз издеген бакытка жетебиз.

Кудай үчүн, даңктоо – бул Анын элинин жүрөгүндөгү Анын улуулугунун жагымдуу жаңырыгы.

Биз үчүн, даңктоо – бул Кудайдын Ɵзү менен тирүү мамиледе болуудан келген кубанычтын туу чокусу.

Бул ачылыштан төмөнкүдөй өтө таң калыштуу тыянак чыгарсак болот: Кудайга даңк издегенге кандай кудуреттүү күч түрткү берсе, ошол эле күч Ага Өзүнөн кубаныч издегендердин жүрөгүн канааттандырганга да түрткү берет.

Ыйык Китептеги Жакшы Кабардын мааниси төмөнкүдөй: Кудай Ɵзүнɵ үмүттөнгөндөрдүн жүрөгүн толугу менен канааттандыруудан качпайт. Тескерисинче, Ал бүт жүрөгү жана жан-дили менен бизди эң бактылуу кылгысы келет. Төмөнкү сөздөр кандай гана таң калыштуу: «Аларга ырайым кылганыма чын жүрөгүм менен, жан-дилим менен кубанам» (Жеремия 32:41).

Кудай бизге өзүбүз издеген түбɵлүк кубанычты чын жүрɵгү жана жан-дили менен бергиси келет, анткени биз ошол кубанычка жетсек, Анын чексиз улуулугу даңазаланат.

«Кудайды эңсɵɵ» аттуу китептен алынган үзүндү, 53-54-беттер.