7-октябрь: Биз күтɵбүз, Ал иштейт

Jakshy Kabar Media

7-октябрь: Биз күтɵбүз, Ал иштейт

Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени Теңирден үмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды кылымдардын башталышынан бери эч бир кулак уккан эмес, эч бир көз көргөн эмес».

Ышайа 64:4

Мага «Кудай Ɵзүнүн кандай Кудай экенин мен үчүн иштɵɵ аркылуу кɵрсɵтүүнү жакшы кɵрɵт, ал эми Кудайдын мен үчүн иштегени Анын дайыма менден мурун аракет кылып, мени күчкɵ толтуруп, менин ичимде иштегенин билдирет» деген чындыктай чоң кубаныч тартуулаган нерселер аз.

«Ал мен үчүн иштейт» дегенди укканыбызда оболу ɵзүбүздү менменсингендей жана Кудайды кемсинтип жаткандай сезишибиз мүмкүн. Бирок мындай ой мен ɵзүмдү жумуш берүүчү, ал эми Кудай жумушка муктаж деп туура эмес ойлоп алгандыктан улам пайда болушу мүмкүн. Ыйык Китептеги «Кудай мен үчүн иштейт» деген ой мындай маанини билдирбейт. Ышайа: «Теңирден үмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды кылымдардын башталышынан бери эч бир кулак уккан эмес», – деп айтканда (Ышайа 64:4), жогорудагыдай туура эмес түшүнүк анын оюнда такыр болгон эмес.

«Кудай мен үчүн иштейт» деген сүйлɵмдүн туура мааниси тɵмɵнкүдɵй: Мен өзүм ишим оңунан чыкпай калгандыктан, жардамга муктажмын. Мен алсыз болгондуктан, күчтүүрɵɵк бирɵɵгɵ муктажмын. Мен коркунучка кабылгандыктан, коргоочуга муктажмын. Акылсыз болгондуктан, акылдуу бирɵɵгɵ муктажмын. Ɵзүмдү жоготкондуктан, Куткаруучуга муктажмын.

Кудай мен үчүн иштейт деген сөз мен ɵзүм иштей албайм, ошондуктан жардамга муктажмын дегенди билдирет.

Ал эми бул түшүнүк аркылуу мен эмес, Кудай даңкталат. Жардам Берүүчү даңкка ээ болот. Күчтүү Бирөө мактоого татыктуу болот.
Кудай сиз үчүн кандай иштей турганы тууралуу Ыйык Китепте эмне жазылганына кулак салыңыз жана ɵзүңүз кɵтɵрүп жүргɵн оор жүгүңүздү таштап, ишти Теңирдин жасашына жол бериңиз.

  • «Теңирден үмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды эч бир кɵз кɵргɵн эмес» (Ышайа 64:4).
  • «Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген – Ал Өзү» (Элчилердин иштери 17:25).
  • «Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди (Марк 10:45).
  • «Анткени Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат. Сен азыр акылсыз иш кылдың. Ошон үчүн мындан ары сага каршы согуш болуп турат» (2 Жылнаама 16:9).
  • «Эгерде Мен ачка болсом да, сага айтмак эмесмин…. Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың» (Забур 49:12, 15).
  • «Силер карыганга чейин… силерди Мен көтөрүп жүрөм. Мен жараттым, ошондуктан силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм» (Ышайа 46:4).
  • «Мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды» (1 Корунттуктар 15:10).
  • «Эгерде үйдү Теңир курбаса, анда аны куруп жаткандардын иштегени бекер» (Забур 126:1).
  • «Ким кызмат кылса, Кудай берген күчүнө жараша кызмат кылсын. Ошентип, Кудай бардык нерседе даңкталсын» (1 Петир 4:11).
  • «Куткарылууңарды жүзөгө ашыргыла….Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат» (Филиптиктер 2:12-13).
  • «Мен урук септим, Аполос сугарды, бирок Кудай өстүрдү» (1 Корунттуктар 3:6).

​«Кудай биз үчүн кантип иштээрин кɵрсɵткɵн 11 жол» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү.