6-октябрь: Бактылуу Кудай

Jakshy Kabar Media

6-октябрь: Бактылуу Кудай

Жон Пайперден насаат сөз

«Бул окутуу бардык мактоого татыктуу болгон даңазалуу [б.а. бактылуу] Кудайыбыздын мага ишенип тапшырган Жакшы Кабарында камтылган».

1 Тиметей 1:11

Кудайды даңктуу кылып турган негизги нерселердин бири – Анын бактылуулугу.

Элчи Пабыл чексиз даңктуу болгон бирок чексиз кубанычка ээ болбогон Кудайды элестете алган эмес. Чексиз даңктуу болуу чексиз бактылуу болуу дегенди да билдирет. Жогорудагы аятта ал колдонгон «бардык мактоого татыктуу болгон даңазалуу [б.а. бактылуу] Кудай» деген сөздөр Кудайды бардык мактоого татыктуу кылып турган нерсе Анын чексиз бактылуулугу экенин билдирет.

Кудайдын даңктуу болушу Анын биз элестете алгыс деңгээлде бактылуу болгонун билдирет.

Жакшы Кабар, б.а. «бардык мактоого татыктуу болгон даңазалуу [бактылуу] Кудайыбыздын… Жакшы Кабары» – ушул. Ыйык Китеп өзү ушундай дейт. Кудайдын чексиз деңгээлде даңктуу жана бактылуу болушу – бул кубанычтуу кабар!

Эч кимибиз бактысыз Кудай менен түбөлүккө жашагыбыз келбесе керек. Кудай бактысыз болсо, анда бизге жарыяланган жакшы кабар да бизди бактылуу кыла албайт, ал эми мындай кабарды жакшы кабар дегенге болбойт.

Бирок Ыйса чындап эле бизди бактылуу Кудай менен түбөлүккө жашоого чакырат, анткени Ал: «Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», – дейт (Матай 25:23). Ыйса Өзү ээ болгон Кудайдын кубанычын бизге берип, биздин кубанычыбызды толук кылыш үчүн, бул дүйнөгө келген жана Өз өмүрүн берген (Жакан 15:11; 17:13). Ошондуктан Жакшы Кабар – бул «бардык мактоого татыктуу болгон даңазалуу [б.а. бактылуу] Кудайыбыздын… Жакшы Кабары».

Кудай эң биринчи кезекте Өзүнүн Уулунан кубаныч алат. Андыктан биз Кудайдын кубанычына ортоктош болгонубузда, Ата Өзүнүн Уулуна канчалык ыраазы болсо, биз да Ага ошончолук ыраазы болобуз.

Ыйса мына ушул себептен бизге Атаны ачып берген. Жакандын жакшы кабарынын 17-бөлүмүндөгү сыйынуусунун аягында Ал Өз Атасына мындай дейт: «Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем» (Жакан 17:26). Кудай Өз Уулуна ыраазы болгондой, биз да ыраазы болушубуз үчүн, Уул бизге Кудайды ачып берген.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен үзүндү (26-27-беттер).