5-октябрь: Акыйкаттык сөзсүз орнойт

Jakshy Kabar Media

5-октябрь: Акыйкаттык сөзсүз орнойт

Жон Пайперден насаат сөз

«Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: “Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем”, – деп жазылган».

Римдиктер 12:19

Баарыбызга карата эле башкалар акыйкатсыздык кылышкан болсо керек. Балким, көбүбүзгө бирөөлөр жамандык кылып, андан кийин кечирим да сурабаган же катасын оңдоо үчүн аракет да кылбаган болушу мүмкүн.

Ошондой адамдарга карата кек сактаганга жана таарынганга түрткү болгон эң чоң нерселердин бири – бул акыйкаттык болушу керек деген терең ишенимибиз. Эгерде адамдар кылган жамандыгы жана алдамчылыгы үчүн жазаланбай кутулуп кете берсе, дүйнөдөгү адеп-ахлак баалуулуктары жок болот деп чындап ынанганыбыз үчүн ушундай кылабыз.

Мына ошондуктан адамдарды кечире албай, өч алуу каалоосунан арыла албайбыз. Мунун дагы башка себеби бар. Албетте, биз өзүбүздүн күнөөбүздү да ойлошубуз керек. Бирок экинчи себеп да олуттуу себеп болуп саналат.

Биз эгерде бирөөнүн жамандыгын жөн эле унутуп койсок, анда акыйкаттык эч качан болбой турганын мойнубузга алган болобуз деп ойлойбуз. Ошондуктан жамандыкты унуткубуз келбейт.

Ошентип, ачуубуз келип, болгон окуяны же айтылган жаман сөздөрдү, козголгон терс сезимдерибизди кайра-кайра эстеп: «Мындай болбошу керек эле. Ал туура эмес иш кылды. Мен бул жакта кыйналып атсам, ал кантип эч нерсе болбогондой жыргап жүрөт?! Анын кылганы такыр туура эмес. Анын жөн эле кутулуп кетишине жол бербейм», – деп ой жүгүртөбүз. Натыйжада биздин таарынычыбыз уу сыяктуу болуп, жан дүйнөбүзгө зыянын тийгизип баштайт.

Кудай бизди өзүбүздү кыйнаган ушундай жүктөн арылтыш үчүн, Римдиктер 12-бөлүм 19-аяттагы осуятты берет.

«Өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле».

Муну кандай түшүнсөк болот?

Өзүбүздү кыйнаган ачуудан арылуу, акыйкатсыз ишти эстеп алып, ооруган жүрөгүбүздү андан бетер оорутканды токтотуу – бул бизге каршы жасалган акыйкатсыздык анчалык жаман иш эмес дегендик эмес. Андай иш чындап эле жаман.

Ошондой эле, мындай кылганыбыз акыйкатсыздык орнобойт дегенди да билдирбейт. Жамандык кылгандар жазасыз кутулуп кетет дегенди да билдирбейт. Алар кутулуп кетпейт.

Бул осуят биз өч алуу каалоосунан баш тартканыбызда, Кудай биз үчүн өч алат дегенди билдирет.

Мындай кылуу – башка Бирөө аркылуу өч алуунун жолу эмес, ар бир адамга тиешесин Ким бериши керек болсо, өчтү ошого тапшыруу. «Өч Меники, Мага тапшыр. Мен акыйкаттык орнотом» – дейт Теңир.

Бул осуят жүрөгүбүздү канчалык жеңилдетет! Эми өч алуунун оор жүгүн көтөрүп жүрүүнүн кереги жок. Аны жерге таштаганыбызда, нечендеген жылдан кийин биринчи жолу терең дем алып, акыры башкаларды сүйгөнгө эркин болгонубузду сезгендей болобуз.

«Өзүңөр өч албагыла. Кудайдын каарына орун бергиле» аттуу насааттан үзүндү.