4-октябрь: Ченеми жок, чеги жок кубаныч

Jakshy Kabar Media

4-октябрь: Ченеми жок, чеги жок кубаныч

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен аларга ким экениңди ачып берип, мындан ары да ача бермекчимин. Ылайым Мага деген мээримиң алардын ичинде болсун, Мен да алардын жүрөгүнөн орун алайын».

Жакан 17:26

Ыйса өлөрүнөн бир түн мурун ушинтип сыйынган. Эң көп ырахат берген нерседен такыр чектелбеген деңгээлде жана чектелбеген өлчөмдө түбөлүккө ырахат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуңузду элестетиңиз. Биз азыр мындай тажрыйбага ээ боло албайбыз. Себеби бул дүйнөдө мындай толук ырахат алышыбызга тоскоолдук кылган үч нерсе бар.

Биринчиден, бул дүйнөдө биздин жүрөгүбүздүн эң терең каалоолорун орундаткан жана толук канааттануу бере аларчалык баалуу болгон эч нерсе жок.

Экинчиден, эң кымбат болгон нерселерден эң жогорку деңгээлде ырахат алганга биздин өзүбүздүн жөндөмүбүз жетпейт.

Толук канааттануу ала алганга тоскоолдук кылган үчүнчү нерсе – бул дүйнөдөгү кубанычыбыздын эртеби кечпи бүтө тургандыгы. Бул дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес. Бирок эгерде Ыйсанын Жакан 17-бөлүм 26-аяттагы ниети жана сыйынуусу ишке аша турган болсо, анда аталган тоскоолдуктардын баары жок болот. Ал: «Ылайым, Мага деген мээримиң алардын ичинде болсун», – деп сыйынган (ЛС котормосу). Кудай Өзүнүн Уулуна канчалык чексиз ыраазы болуп, Аны сүйсө, Анын бизге карата болгон сүйүүсү да ошондой болсун деген!

Кудай Өзүнүн Уулунан канчалык кубаныч алса, биз да Уулдан ошончолук кубаныч ала турган болсок, анда бизге кубаныч берген Ыйсанын Өзүнүн баркы чексиз жана түгөнгүс болот. Ал эч качан зеригиштүү болбойт, эч качан көңүлүбүздү калтырбайт жана эч качан ыраазы кылбай койбойт.

Ошондо Кудайдын Уулунан өткөн кымбат баалуу эч нерсе болбой калат.

Анын үстүнө, биздин адамдык алсыздыктарыбыз биздин бул түгөнгүс байлыктан ырахат алышыбызга тоскоолдук кылбай калат. Кудай Ата Өзүнүн Уулуна канчалык ыраазы болсо, биз Анын Уулуна ошончолук ыраазы болобуз. Ыйса ушундай болсун деп сыйынган!

Кудайдын Өз Уулунан алган кубанычы биздин ичибизде болот жана бизге таандык болуп калат – биздин Уулдан алган кубанычыбыз болуп калат. Бул кубаныч түбөлүккө созулат, себеби Ата да, Уул да эч качан жок болбойт.

Ата менен Уул бири-бирин кандай сүйсө, биздин да аларга болгон сүйүүбүз ошондой болот, андыктан биздин аларга болгон сүйүүбүз эч качан токтобойт жана эч качан азайбайт.

«Кудайдагы ырахат тартуулаган нерселер» аттуу китептен үзүндү (27-бет).