3-октябрь: Эң бийик, эң кудуреттүү, эң күчтүү сүйүү

Jakshy Kabar Media

3-октябрь: Эң бийик, эң кудуреттүү, эң күчтүү сүйүү

Жон Пайперден насаат сөз

«Теңир – пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү [Кудай-Теңир]».

Мисирдан Чыгуу 34:6

Кудайдын жүрөгү боорукердикке (сүйүүгө) жана ишенимдүүлүккө толгон. Мен муну эки нерсеге салыштырам:

Кудайдын жүрөгү тоонун чокусундагы суусу такыр токтобогон булак сыяктуу. Андан сүйүү менен ишенимдүүлүк дайыма агып турат. Нечендеген кылым өтсө да, булак токтобой ага берет.

Же болбосо Кудайдын жүрөгү жанар тоо сыяктуу. Анын сүйүүсүнө жана ишенимдүүлүгүнө толгон лавасы тоонун башынан атырылып чыгып, жылдан жылга ага берет.

Жогорудагы аятта Кудай Өзүнүн боокердиги жана адилеттүүлүгү менен чогуу «абдан» деген сөздү колдонгондо, Өзүнүн сүйүүсү эч качан түгөнүп калбай тургандыгын айткысы келет. Анын сүйүүсүнүн булагынан бир күн кечке, жылдан жылга, муундан муунга ичсек да, ал эч качан түгөнүп калбайт.

Сиз атүгүл Кудайды муктаждык жаралган сайын жаңы акча басып чыгарып турган өкмөткө окшоштурганга аракет кылсаңыз болот. Анын акча-каражаты эч качан түгөнбөйт, туурабы? Бирок Кудай андай эмес. Казынада алтын канчалык көп болсо, ошончолук көп акча басып чыгарса болот эмеспи. Андыктан Кудайдын сүйүүсүн ошондой түгөнбөгөн алтындын казынасына окшоштурсак болот. Мындай өкмөт кыялыбызда гана боло алат. Ал эми Кудайдын түбөлүктүү каражаттары чындап эле эч качан түгөнбөйт.

Кудайдын эч бир нерсеге көз каранды болбогон өмүрүнөн, чексиз эркиндигинен жана кудуреттүүлүгүнөн Анын ашып-ташыган сүйүүсү төгүлүп турат. Кудай ушунчалык улуу, андыктан бизге муктаж болгудай, Анын жетишпеген эч бир нерсеси жок. Тескерисинче, Анын эч качан эч нерсеге муктаж болбогон табиятынан Анын сүйүүсү ашып-ташып, бизге – Ага муктаж болгон күнөөкөрлөргө көрсөтүлүп турат. Ыйсада Ал бизге Өзүн тартуу кылат.

Биз Анын сүйүүсүнө толук таянсак болот, себеби биз Анын эч нерседен көз каранды эмес экендигине, каалаган нерсесин кыла аларына жана Анын кудуретинин чексиз экендигине ишенебиз.

«Теңир – пендесин сүйгөн [Кудай-Теңир]» аттуу насааттан үзүндү.