Жон Пайперден насаат сөз
«Теңир бутпарастардын кеңешин бузат, элдердин ойлорун жок кылат. Ал эми Теңирдин кеңеши түбөлүктүү; Анын жүрөгүндөгү ойлор укумдан-тукумга кетет».
Забур 32:10-11
«Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат» (Забур 113:11). Бул сөздөр Кудай Өзүнө кубаныч берген бардык нерсени кылганга укуктуу жана кудуреттүү дегенди билдирет. Кудай кудуреттүү дегенибизде ушуну айткан болобуз.
Элестетип көрүңүз: Эгерде Кудай кудуреттүү болсо жана Өзүнө эмне жакса, ошону кыла алса, анда Анын эч бир ниети ишке ашпай калбайт. «Теңир бутпарастардын кеңешин бузат, элдердин ойлорун жок кылат. Ал эми Теңирдин кеңеши түбөлүктүү; Анын жүрөгүндөгү ойлор укумдан-тукумга кетет» (Забур 32:10-11).
Ал эми Анын эч бир ниети ишке ашпай калбаса, анда Ал тирүү жандардын баарынан бактылуу болушу керек.
Кубанычты издеген машаякчы Кудайдын ушул түгөнгүс бакытынын булагынан суусунун кандырат жана дагы да көп кандыргысы келет.
Дүйнөнүн Эгедери болгон Кудай бактысыз болгондо эмне болмок деп элестете аласызбы? Кудай кобуранып, тултуюп, көңүлү чөгүп эле отура берсе эмне болмок? Ал маанайы бузулуп, үмүтү үзүлүп, кабагынан кар жаап, көңүлү чөгүп, эч нерсени жактырбай, капаланып отура берген Кудай болсо, эмне болмок?
Анда Забур 62:2-аятта жазылгандай биз Дөөткө окшоп: «Кудай! Сен менин Кудайымсың, Сени таң сүргөндөн баштап эле издей баштайм. Менин жаным Сени эңсейт, какшыган, суусуз ээн жерде денем Сени көксөйт», – деп айта алмакпызбы? Андай кыла албасак керек.
Анда жаш балдар маанайы бузулган, кабагынан кар жааган, жылмаю эмне экенин билбеген жана эч нерсени жактырбаган атасынан кандай чочулап турса, биз да Кудайды ошондой элестетмекпиз. Мындай мүнөздүү атага эч бир бала кубанбайт. Тескерисинче, анын тынчын алгандан коркот же аны нараазы кылбай, ага бир аз болсо да жагыныш үчүн, болгон аракетин кылат.
Бирок Кудай такыр андай эмес. Анын эч качан маанайы бузулбайт же ындыны өчпөйт. Забур 146:11-аятта айтылгандай, Ал «Өзүнөн корккондорго, Өзүнүн ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот». Ошондуктан (кубанычты издеген) машаякчынын максаты – мындай Кудайдан качуу, оолак болуу, байкап калып кабагынан кар жаабасын деп этият болуп жүрүү эмес. Тескерисинче, биз Анын ырайымына үмүттөнгүбүз келет, Ага чуркап баргыбыз келет, Аны менен кубангыбыз келет, Андан ырахат алгыбыз келет, Аны менен болгон мамилебизди жана Анын боорукер мамилесин баалап, андан ырахат алгыбыз келет.
«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (32-33-беттер).