1-октябрь: Толук канааттануунун булагы

Jakshy Kabar Media

1-октябрь: Толук канааттануунун булагы

Жон Пайперден насаат сөз

«Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат».

Забур 36:4

Ыйык Китепте ырахатты издөө жөн эле сунуш эмес, осуят катары берилет: «Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат» (Забур 36:4).

Забурчулар дал ушундай кылганга умтулушкан: «Бугу тунук суунун башатын эңсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым! Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?» (Забур 41:2-3). «Менин жаным Сени эңсейт, какшыган, суусуз ээн жерде денем Сени көксөйт» (Забур 62:2).

Забурларда чаңкоо жөнүндөгү түшүнүк болгондой эле, анын канааттандырылуусу жөнүндөгү түшүнүк да бар. Мисалы, забурчу мындай дейт: «Алар Сенин үйүңдөгү майларга тоюшат, аларды Өзүңдүн таттуу сууларыңа кандырасың» (Забур 35:9).

Мен бир нерсени түшүнүп калдым: биздин табынуубузга негизги себеп болгон Кудайдын боорукердиги үчүн биз Ага ыраазычылык билдиргенибизде, муну өзүбүз кызыкпасак деле милдет жана сый-урмат көрсөтүү катары гана кылбастан, Анын жакшылыгынан өзүбүз да ырахат алабыз: «Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр!» (Забур 33:9). Татып көрүңүз!

«Сенин сөздөрүң менин таңдайымда кандай таттуу! Алар менин оозумда балдан да таттуу» (Забур 118:103).

Клайв Стейплз Льюис айткандай, Забурларда сүрөттөлгөн Кудай – моокунду толук кандырган Кудай. Өз элине «кубаныч, шаттык» берген Кудайды Анын эли уялбай-тартынбай даңктайт (Забур 42:4). Ал – толук жана түгөнбөс ырахаттын булагы: «Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал» (Забур 15:11).

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (23-27-беттер).