30-сентябрь: Толук эркиндик берген ачылыш

Jakshy Kabar Media

30-сентябрь: Толук эркиндик берген ачылыш

Жон Пайперден насаат сөз

«Акырында айтарым, бир туугандарым, Теңир менен кубангыла».

Филипиликтерге 3:1

Биз кубанычка ээ болгонубузда, Кудай даңкка ээ болорун мага эч ким айтпаптыр. Биз кубанычка бөлөнгөнүбүздө, Кудайды эки жүздүүлүк менен эмес, чындап урматтап даңктай алабыз.

Бул тууралуу Жонатан Эдвардс ушунчалык так жана жеткире айткан:

Кудай жараткан пенделери аркылуу Өзүн эки жол менен даңтайт: 1) Аларга Өзү жөнүндө түшүнүк берүү аркылуу; 2) Алардын жүрөктөрүнө Өзүнүн ким экендигин ачып берип, ошол аркылуу аларга ырахат тартуулап, аларды кубанычка жана шаттыкка бөлөө аркылуу… Кудай Өзүнүн даңкын көрсөтүү аркылуу гана эмес, ошол даңкы менен кубаныч тартуулоо аркылуу да даңкталат…
Кудайдын даңкын адамдар жөн гана көргөнгө караганда, Анын данкынан ырахат алышканда, Кудай дагы да көп даңкталат… Кудайдын даңкы жөнүндө өзүнүн ой-пикирлери менен жөн гана бөлүшкөн адамга караганда, Анын даңкынан ырахат алганы тууралуу суктануу менен күбөлөндүргөн адам Кудайды көбүрөөк даңктайт.

Бул мен үчүн таң калыштуу ачылыш болду. Эгер мен Кудайды ааламдагы эң баалуу Чындык катары даңктагым келсе, анда мен Андан кубаныч алууга умтулушум керек. Кубаныч – бул табынууга кошумча сунуш кылынган нерсе эмес. Ал табынуунун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат. Керек болсо, табынуунун маңызы – Кудайдын даңкына кубануу.

Кудайды мактап сүйлөгөн, бирок өздөрү мактаган Кудайдан эч кандай ырахат албаган адамдарды биз эки жүздүүлөр деп коёбуз. Ыйса мындай дейт: «Эки жүздүүлөр! Ышайа силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган: “Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс”» (Матай 15:7-8). Чыныгы мактоо толук ырахаттан келип чыгат жана адамдын эң жогорку максаты – Кудайдын даңкынан моокуму кангыча ичүү жана ушундай ырахат алуу. Бул чындык мага өмүрүмдөгү эң толук эркиндик берген ачылыш болуп калды.

«Кудайды эңсөө» китебинен үзүндү 22-23-беттер.