29-сентябрь: Ишенбестикке каршы күрөш!

Jakshy Kabar Media

29-сентябрь: Ишенбестикке каршы күрөш!

Жон Пайперден насаат сөз

«Баарынан мурун амалкөйдүн оттуу жебелеринин баарын өчүрө алышыңар үчүн, ишенимди калкан кылып алгыла. Ошондой эле куткарылгандыгыңарды туулга кылып кийип, Кудай Сөзүн-рухий кылычты алгыла».

Эфестиктер 6:16-17

Мен карылык жөнүндө тынчсызданганымда, Ышайа 46:4тө берилген убаданы эстеп, ишенбекстикке каршы күрөшөм: «Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин, чачыңар агарганга чейин, силерди Мен көтөрүп жүрөм. Мен жараттым, ошондуктан силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм».

Өлүм тууралуу ойлонуп тынчсызданганымда, Римдиктер 14:7-9-аяттардагы «Анткени эч кимибиз өзүбүз үчүн жашабайбыз жана эч кимибиз өзүбүз үчүн өлбөйбүз. Жашасак, Теңир үчүн жашайбыз. Өлсөк Теңир үчүн өлөбүз. Ошондуктан, жашасак да, өлсөк да Теңирдикибиз. Машаяк өлгөндөрдүн да, тирүүлөрдүн да Теңири болуш үчүн, өлүп кайра тирилген» деген убаданы эстеп, ишенбестикке каршы күрөшөм.

Ишенимим кыйрап, Кудайдан алыстап кетишим тууралуу ойлонуп, бушайман болгондо, Филипиликтер 1:6-аяттагы «Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машаяктын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем» жана ошондой эле Эврейлер 7:25-аяттагы «Ошондуктан Ал Өзү аркылуу Кудайга келгендердин баарын толук куткара алат. Ал түбөлүк тирүү болгондуктан, алар үчүн арачылык кылат» деп айтылган убадалардын жардамы менен ишенбестикке каршы күрөшөм.

Мен сизди да ишенбестикке каршы күрөшүүгө чакырам! Келиңиз, башка адамдарга каршы эмес, өзүбүздүн ишенбестигибизге каршы күрөшөлү. Кудайдын убадаларына ишенбөө — тынчсыздануунун тамыры, ал эми тынчсыздануу өз кезегинде көптөгөн башка күнөөлөргө себеп болот. Пабыл Эфестиктер 6:17-аятта рухий кылыч — бул Кудайдын Сөзү экенин айтат. Ал эми амалкөйдүн оттуу жебелерин өчүрө алган калкан (16-аят) — Кудайдын дал ошол Сөзүнө болгон ишеним. Ошондуктан сол колубузга калканды, оң колубузга кылычты алып, ишенимибизди бекем сакташ үчүн күрөшөлү.

Ыйык Китепти колуңузга алып, Ыйык Рухтан жардам сураңыз, жүрөгүңүзгө Кудайдын убадаларын бекем катып, ишеним үчүн жакшы күрөшүңүз жана келечектеги ырайымга ишенүү менен жашаңыз.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 61-бет.