28-сентябрь: Биз бактылуу болсок, Анын даңкы чыгат

Jakshy Kabar Media

28-сентябрь: Биз бактылуу болсок, Анын даңкы чыгат

Жон Пайперден насаат сөз

«Ал эми сен сыйынарда, бөлмөңө кирип, эшигиңди жап да, көрүнбөгөн Атаңа сыйын. Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет».

Матай 6:6

Адамдардын машаякчылык ырахатты издөөгө (машаякчылык гедонизмге) каршы чыгышынын кеңири тараган бир себеби мындай: алардын ою боюнча, машаякчылык ырахатты издегендер адам баласынын кызычылыктарын Кудайдын даңкынан жогору коюп алышат, б.а. Кудайды урматтап-сыйлоого караганда адамдын бакыты жөнүндө көбүрөөк ойлонушат. Бирок машаякчылык чыныгы ырахат деген такыр мындай нерсе эмес. Машаякчылык ырахатты издегендер такыр андай кылышпайт.

Албетте, биз машаякчылык ырахатка ээ болгусу келген адамдар катары өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды жана бактыбызды болгон күчүбүз менен издейбиз. Биз Жонатан Эдвардстын чечимине кошулабыз: «Мындай чечим чыгардым: аркы дүйнөдөн келген бакытка болушунча көп ээ болуу үчүн, болгон аракетимди, күч-кубатымды, энергиямды жумшайм, алтургай өзүмдү зордоп, кыйнап, ойго келген бардык жолдорду колдоном».

Бизге Ыйык Китептен (жана Эдвардс аркылуу) белгилүү болуп калгандай, Кудай бизге, б.а. Ага зар болгон күнөөкөрлөргө ырайымын мол төгүү аркылуу Өзүнүн ашып-ташыган даңкын даңазалаганга кызыгат.

Демек, биз өз кызыкчылыгыбызды жана бакытыбызды издөөнү эч качан Кудайдын кызыкчылыгынан, Кудайдын бактысынан жана Кудайдын даңкынан жогору койбойбуз, тескерисинче анын баарын дайыма Андан издейбиз. Ыйык Китептеги эң баалуу чындыктардын бири төмөнкүдөй: Кудай эң көп кызыкдар болгон нерсе – бул күнөөкөрлөрдүн Андан – Анын Өзүнөн! – бакыт табышы жана ал аркылуу Анын мол ырайымынын даңазаланышы!

Биз өзүн-өзү камсыз кыла албаган киченекей балдардай болуп, Атабыздын кучагынан кубаныч тапканга чуркаганыбызда, Анын ырайымынын даңкы даңазаланат жана жаныбыздын каалоосу канааттандырылат. Ошентип, биздин кызыкчылыгыбыз жана Анын даңкы бир болуп калат.

Ыйса Матай 6:6-аятта «Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет» деген убаданы берет. Ал биздин ушул сыйлыкты издешибизди каалайт. Ал бизди өзүбүз ээ болушубуз керек болбогон кубаныч менен азгырбайт! Бул сыйлыкка жана кубанычка адамдардын мактоолорунан баш тартып, жашыруун сыйынуу аркылуу Кудайды издөөнүн натыйжасында ээ боло алабыз.

Ошондуктан машаякчылык ырахатты издегендер өз бактысын Кудайдын даңкынан жогору коюшпайт. Алар өздөрүнүн бактысын Кудайдан издешет жана натыйжада ажайып чындыкты табышат: биз Кудайга канчалык канааттансак, Кудай да биз аркылуу ошончолук даңкталат.

«Кудайды энсөө» китебинен үзүндү, 159-160-беттер.