27-сентябрь: Эң жогорку күчкө ээ болгон убадалар

Jakshy Kabar Media

27-сентябрь: Эң жогорку күчкө ээ болгон убадалар

Жон Пайперден насаат сөз

«Эркин жүрөм, анткени Сенин буйруктарыңды издедим».

Забур 118:45; автордун жеке котормосу

Кубанычтын курамында эркиндик сөзсүз болушу керек. Себеби биз өзүбүз жек көргөн нерседен эркин болбосок жана өзүбүз каалаган нерсени жакшы көргөнгө эркин болбосок, анда эч кимибиз бактылуу болмок эмеспиз.

Мындай нукура эркиндикти кайдан тапсак болот? 118-забур 45-аят мындай дейт: «Эркин жүрөм, анткени Сенин буйруктарыңды издедим».

Муну окуганыбызда, кенен жерде басып жүргөн адамды элестетебиз. Кудайдын Сөзү биздин акылыбызды кеңейтет. «Кудай Сулайманга деңиз жээгиндеги кумдай көп акылмандык, даанышмандык, кеменгерлик [б.а. кенен акыл] берди» (1 Падышалар 4:29). Кудайдын Сөзү биздин эркиндигибизди чектеген кооптуу нерселерди жок кылат. «Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт» (Забур 18:20).

Ыйса: «Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат», – дейт (Жакан 8:32). Ал күнөөнүн кулчулугунан бошоткон эркиндик жөнүндө айтып жатат (Жакан 8:34). Же болбосо, оң мааниде айтканда, ыйык болуу эркиндиги жөнүндө айтып жатат.

Кудайдын ырайымы жөнүндөгү убадалар бизге Кудайдын ыйыктыгынын талаптарын адамды коркуткан жана кул кылган талап катары эмес, эркиндиктин даамын таттырган талап катары аткарганга күч берет. Петир Кудайдын убадалары эркиндикке чыгаруучу күчкө ээ экенин төмөнкүдөй сүрөттөйт: «Силер бул дүйнөдө үстөмдүк кылган жаман кумарлардан алыстап, Кудайдыкындай табиятка ээ болушуңар үчүн, Анын даңкы жана жеткилеңдиги аркылуу бизге кымбат баалуу жана улуу убадалар берилген» (2 Петир 1:4).

Башкача айтканда, биз Кудайдын убадаларына таянганыбызда, эң жогорку күчкө ээ болгон убаданын жардамы менен бузукулук жана күнөөкөр каалоолордун тамырын жок кылабыз.

Жалган ырахат берген нерселердин күчүн сындырган Кудайдын Сөзүнө ээ болуу канчалык маанилүү! Ал эми Кудайдын Сөзүн жолубузга чырак кылып колдонуу жана аны менен жүрөгүбүздү толтуруу үчүн, сергек болушубуз канчалык маанилүү!

«Сенин сөзүң – бутума шам, жолума жарык» (Забур 118:105). «Сенин алдыңда күнөө кылбаш үчүн, мен Сенин сөзүңдү жүрөгүмө катып алдым» (Забур 118:11).

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (149-150-беттер).