26-сентябрь: Кудайдын чексиз кудуретине бекем ишенип жашоо

Jakshy Kabar Media

26-сентябрь: Кудайдын чексиз кудуретине бекем ишенип жашоо

Жон Пайперден насаат сөз

«Анын бийлиги бар күчүнүн таасири астында ишенген биздин ичибизде аракеттенип жаткан Анын кудурети канчалык ченемсиз…».

Эфестиктер 1:19

Кудайдын чексиз кудурети бул дүйнөдө эмне гана болбосун, биз Кудайдын түбөлүктүү даңкынан эч качан жок болгус жана бекем баш паана таба аларыбызды билдирет. Ушундай бекем ишеним бизге Кудайдын чакырыгына толугу менен баш ийүү менен жооп бергенге дем жана күч берет.

Кудуреттүү Кудай ар бир саамда, күн сайын, жашообуздагы кадимки жана адаттан сырткаркы жагдайлардын баарында биздин баш калкалар жайыбыз болорун билүүдөн өткөн бизге дагы да көп эркиндик берген, бизди дагы да көп сүйүнткөн же дагы да көп күч берген чындык барбы?

Биз Кудайдын кудурети чексиз экенине ишенгенибизде жана ушул чындыктын бизге терең таасир беришине жол бергенибизде, биздин жеке жашообуз жана кызматтарыбыз такыр башкача болуп өзгөрмөк! Ошондо Кудайдын куткаруучу максаттарын ишке ашыруу үчүн, биз канчалык момун болуп, күч жана кудуретке толмокпуз!

Кудайдын чексиз кудурети – Анын эли үчүн баш паана. Кудайдын чексиз кудурети сиздин баш паанаңыз экенине чындап ишенгениңизде, жашооңуз кубанычка, эркиндикке жана күчкө толуп, Ыйса Машаякка толук тил алчаак боло баштайсыз.

Кудайдын келишимине кирген Анын эли, Анын кудурети чексиз экенине ишенсе, Аны кадырлаганды, Ал ар кимге тиешесин берерине жана баш калкалар жай болоруна ишенгенди үйрөнөт.

Мен сизди Анын ырайымы менен түзүлгөн келишимдин шарттарын кабыл алууга: күнөөдөн баш тартып, Теңир Ыйса Машаякка ишеним артканга чакырам; ошондо Кудайдын кудурети чексиз экенин түшүнүп, Аны жан дилиңизден кадырлап, Ал душмандарыңызга тиешесин берерине жана жашооңузда сизге түбөлүккө баш паана болоруна ишене баштайсыз.

«Менин атым Кудуреттүү Кудай» аттуу насааттан алынды.