25-сентябрь: Биздин өмүрүбүз Кудайдын Сөзүнөн көз каранды

Jakshy Kabar Media

25-сентябрь: Биздин өмүрүбүз Кудайдын Сөзүнөн көз каранды

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен бүгүн силерге айткан сөздөрдүн баарын көңүлүңөргө түйүп, балдарыңарга айткыла. Бул мыйзамдын баарын аткарууга аракеттениши үчүн, балдарыңарга үйрөткүлө. Анткени бул силерге айтылган курулай сөз эмес, бул силердин өмүрүңөр. Силер ээлеп алыш үчүн Иордандан өтүп барган жерде бул аркылуу узак өмүр сүрөсүңөр».

Мыйзамды кайталоо 32:46-47

Кудайдын Сөзү маанисиз нерсе эмес; өмүр менен өлүм Кудайдын Сөзүнөн көз каранды. Эгерде сиз Ыйык Жазууга маанисиз нерсе же курулай сөз катары мамиле кылсаңыз, анда жашооңузду жоготосуз.

Атүгүл биздин денелик жашообуз да Кудайдын Сөзүнөн көз каранды, анткени биз Анын Сөзү менен жаратылганбыз (Забур 32:6; Эврейлер 11:3) жана «Ал Өзүнүн күчү менен бардык нерсени кармап турат» (Эврейлер 1:3).

Ошондой эле, биздин рухий жашообуз да Кудайдын Сөзү менен башталат: «Ал бизди Өз каалоосу боюнча чындык сөзү аркылуу жаратты» (Жакып 1:18). «Силер Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр» (1 Петир 1:23).

Биздин жашообуздун башталышы гана эмес, анын улануусу да Анын Сөзүнөн көз каранды: «Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт» (Матай 4:4; Мыйзамды кайталоо 8:3).

Ошентип, биздин денелик жашообуз Кудайдын Сөзү аркылуу жаралып, сакталып турат, ошондой эле рухий жашообуз да Анын Сөзү менен жанданып, сакталып турат. Кудайдын Сөзүнүн өмүр берүүчү күчү жөнүндө күбөлөндүрүү катары көптөгөн окуяларды айтып берсек болот!

Чындап эле Ыйык Китеп сиз үчүн «курулай сөз эмес», Ал – сиздин өмүрүңүз! Бардык кубанычтын пайдубалы – бул өмүр. Жөн эле бар болуудан – биздин жаралуубуз жана жашоону уланта алуубуздан да маанилүү болгон эч нерсе жок.

Мунун баарын бар кылып турган нерсе – Кудайдын Сөзү. Ыйык Жазуудагы Кудай Сөзүнүн ошол эле күчү биздин рухий жактан төрөлүшүбүзгө себеп болгон жана рухий жашообузду сактап турат. Демек, Ыйык Китеп курулай сөз эмес, Ал – сиздин өмүрүңүз, кубанычыңыздын негизи жана булагы!

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен алынган үзүндү, 145-бет.