24-сентябрь: Ыйсанын кубаныч издөөсү

Jakshy Kabar Media

24-сентябрь: Ыйсанын кубаныч издөөсү

Жон Пайперден насаат сөз

«Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсаны карайлы. Ал алдыда күтүп турган кубанычтын ордуна, шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурду».

Эврейлер 12:2

Ыйсанын жогоруда бизге калтырган үлгүсү «биз Кудайга канчалык канааттансак, Кудай биз аркылуу ошончолук көп даңкталат» деген түшүнүккө каршы келеби? Бул түшүнүктүн маңызы мындай: сүйүү – бул кубанычка ээ болуунун жолу, андыктан адам кубанычка ээ болуу ниети менен сүйүү көрсөтүшү керек, антпесе ал Кудайга аргасыздан баш ийиши мүмкүн же Кудай аны ырайымдын куралы катары колдонсо, андай мүмкүнчүлүккө туталанышы же убада кылынган сыйлыкты барк албай коюшу мүмкүн.

Эврейлер 12-бөлүм 2-аятта Ыйсанын кылганы бул көз карашка каршы келбегени ачык айтылат.

Сүйүүнүн тарыхтагы эң чоң ишин кылганга Ыйсанын аябагандай чоң кубанычка, атап айтканда, куткарылып алынган элдердин жамаатында Кудайдын оң жагына отуруудан келген кубанычка умтулуусу себеп болгон: «Ал алдыда күтүп турган кубаныч үчүн айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады».

Автор Эврейлерге жазылган каттын 11-бөлүмүндө аталган ишенимдин баатырлары менен бирге Ыйсаны да үлгү катары көрсөтүү ниети менен ушундай сөздөрдү айтып жатат. Ишенимдин баатырлары Кудай сунуш кылган кубанычка ушунчалык бекем ишенгендиктен жана ага жетүүгө ушунчалык ынтызар болгондуктан, «күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгын» четке кагышкан жана Кудайдын эркине ылайык жашоо үчүн, башкалардан кордук көрүүгө даяр болушкан (Эврейлер 11:25).

Демек, Гетсемани багында өткөн караңгы сааттарда Машаякка кулап калганга жол бербеген нерсе бир жагынан айкаш жыгачтын артынан келген кубанычка бөлөнүү үмүтү болгон деп айтсак Ыйык Китепке каршы келген ойду айткан болбойбуз. Бул Анын бизге болгон сүйүүсүнүн чындыгын жана улуулугун азайтпайт, анткени Ал үмүттөнгөн кубаныч Кудайдын көптөгөн балдарын даңкка жетелегенден б.а. аларды куткаруудан келген кубаныч болгон (Эврейлер 2:10).

Ал бизди куткаруудан кубаныч алат. Ал эми бул Кудайдын даңкталышына өбөлгө түзөт. Биз Ыйса менен ал кубанычты бөлүшөбүз, ал эми Кудай даңкка ээ болот.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен алынган үзүндү, 132-134-беттер.