23-сентябрь: Күнөөкөрлөрдүн эң жаманына берилген үмүт

Jakshy Kabar Media

23-сентябрь: Күнөөкөрлөрдүн эң жаманына берилген үмүт

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам, кимди аягым келсе, аны аяйм».

Мисирден чыгуу 33:19

Жаңы эле алтын музоого сыйынып, өздөрүн Мисирден алып чыккан Кудайга акарат келтирген, Аны маскаралаган тоң моюн элге Кудай чындап эле ырайым кыла аларына Муса ишенгенге муктаж эле.

Кудай Муса муктаж болгон үмүт жана ишенимди берүү үчүн мындай деген: «Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам». Башкача айтканда: «Менин чечимим адамдын канчалык деңгээлде жаман же жакшы болгонунан көз каранды эмес. Мен муну эч нерседен көз каранды болбогон Өзүмдүн эрким менен чечем. Ошондуктан эч ким Кудайды Ал ырайым көрсөтө алгыс деңгээлде жаман деп айта албайт». Мындай деп эсептөө Кудай көз карандысыз эмес жана Анын тандоосу шартсыз эмес дегенди билдирмек.

Шартсыз тандоо жөнүндөгү окутуу – күнөөкөрлөрдүн эң жаманына үмүт берүүчү улуу окутуу. Бул окутуу сиз Кудайдын ырайымына талапкер болгонуңузда, сиздин кандай адам экениңиз Кудайдын чечимине эч кандай таасир бере албайт дегенди билдирет. Бул – жакшы кабар.

Эгерде сиз жогорудан төрөлө элек болсоңуз жана Ыйса Машаяктын куткаруусуна ишене элек болсоңуз, анда буга чейинки жашооңуз ушунчалык жийиркеничтүү жана татаал болгондуктан, Кудай сизге ырайым көрсөтүп, жашооңузда иштей албайт деп ойлоп, үмүтсүздүккө алдырбаңыз. Кудай күнөөкөрлөрдүн эң жаманын куткаруу аркылуу Өзү каалаган адамга көрсөткөн ырайымын даңазалаганды жакшы көрөт.

Күнөөңүздөн баш тартып, Теңирди чакырыңыз. Жада калса, азыр окуп же угуп жаткан ушул күнүмдүк насаат сөз аркылуу да Ал сизге Өзүнүн ырайымын көрсөтүп, сизди Өзүнөн ырайым сурап кайрылганга катуу шыктандырып жатат.

«Ошондон кийин гана келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз, – дейт Теңир. – Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам» (Ышайа 1:18).

«Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам» аттуу насаат сөздөн алынган үзүндү.