22-сентябрь: Мал-мүлкүбүздөн, жакындарыбыздан айрылсак да

Jakshy Kabar Media

22-сентябрь: Мал-мүлкүбүздөн, жакындарыбыздан айрылсак да

Жон Пайперден насаат сөз

«Силер өзүңөрдүн мурунку күндөрүңөрдү эстегилечи: чындыкты билгенден кийин, азаптуу күрөшкө чыдадыңар. Бирде көпчүлүктүн алдында кордолуп азап тарттыңар, бирде ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткандардын кайгысына ортоктош болдуңар. Туткунга алынгандардын да кайгысына ортоктош болдуңар, мал-мүлкүңөрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар. Анткени асманда андан жакшы, түбөлүктүү байлыгыңар бар экенин билчүсүңөр. Ошондуктан кайратыңардан жазбагыла, анткени ал үчүн чоң сыйлык бар».

Эврейлер 10:32-35

Эврейлерге жазылган каттын 10-бөлүм 32-35-аяттарында сөз болгон машаякчылар бизге көп курмандыкты талап кылган сүйүү эмне экенин түшүндүрүп бергенге укуктуу.

Алардын жагдайы төмөнкүдөй болгондой көрүнөт: Ыйсага ишенип калган алгачкы күндөрдө алардын кээ бирлери ишеними үчүн түрмөгө отурган. Дагы бирөөлөрү; «коопсуз» болуу үчүн, ишенимибизди жашырып жашайбызбы же өз жашообузду жана мал-мүлкүбүздү тобоколге салып, түрмөдө отурган бир туугандарыбызды барып көрөбүзбү? – деген оор чечим чыгарганга мажбур болгон. Алар көп курмандыкты талап кылган сүйүү жолун тандап алышкан.

Автор алар жөнүндө «туткунга алынгандардын да кайгысына ортоктош болдуңар, мал-мүлкүңөрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар» деген сөздөрдү айтат.

Бирок аларды шордуу ишенүүчүлөр дегенге болобу? Жок! Алар мал-мүлктөрүн жоготкону менен, кубаныч табышкан! Мындай жоготууну кубаныч менен кабыл алышкан.

Кандайдыр бир мааниде алар өздөрүнөн баш тартышкан. Мындай жашоо чындап эле оор болгон жана көп жоготууларды алып келген. Бирок башка жагынан караганда, алар өздөрүнөн баш тартышкан эмес. Алар кубанычтын жолун тандап алышкан. Македониялыктарга жакырларга жардам бергенге эмне түрткү берген болсо (2 Корунттуктар 8:1-9), буларга да түрмөдө отургандарга кызмат кылганга ошол эле нерсе түрткү бергени анык. Алардын Кудайдан алган кубанычы ашып-ташып, башкаларга сүйүү көрсөткөнгө шыктандырган.

Алар өз жашоолору жөнүндө ойлонуп: «Анткени өмүргө караганда Сенин ырайымың артык», – дешкен (Забур 62:4).

Өз мал-мүлкүнөн айрылып жатканда: «Асманда мындан жакшы, түбөлүктүү байлыгыбыз бар», – дешкен (Эврейлер 10:34).

Анан алар бири-бирин карап төмөндөгү Мартин Лютердин даңктоо ырына окшогон сөздөрдү айтышкан – а балким ырдашкан:

Жакындарыбыздан, мал-мүлкүбүздөн,
Айрылалы атүгүл өмүрүбүздөн,
Макул, денебизди да өлтүрүшсүн.
Баарыбир жашай берет Кудайдын чындыгы
Түбөлүк Анын падышачылыгы.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (130-131-беттер).